27-май КРнын китепканалар күнү

Китпеканалар жана энелер күнүнө карата арналган «Энелер аркалаган ардактуу кесип» деген темада 24-май күнү НМУнун Ж.И. Саалаев атындагы Илимий китепканасында майрамдык кече болуп өттү. Майрамдык кеченин негизги максаты: маданияттын, илимдин жана агартуунун өнүгүшүнө китепканалардын кошкон чоӊ салымын белгилөө жана энелерди даӊктоо. Кечеге университеттин окутуучулары, студенттери жана башка кызматкерлери катышты. Кечени НМУнун илим боюнча проректору Н.А.Чоробаева ачып, китептин балуулугуна токтолуп, китепкананын билим, илим тармагында чоӊ орду бар экенин баса белгиледи. Кече 2 бөлүктөн болуп, 1-бөлүгү китепканага арналды, анда Илимий китепканын жана «Дүйнө жүзүндөгү ажайып китепканалар» жөнүндөгү слайддар, китепканын кызматкерлери тарабынан китеп окуу боюнча кызыктуу фактылар, студенттер болсо китеп жөнүндө көркөм окуп беришти. Ал эми 2-бөлүгү энелерге арналды, анда дагы эне тууралуу социалдык видео ролик, монолог, көркөм окуу, кызыктуу оюн жана музыкалык белектер орун алды. Кызыктуу оюндун тапшырмасы боюнча окутуучулардын китеп тууралуу ырлары, окуялары абдан кызыктуу болду.

Кеченин соӊунда куттуктоо сөздөр окутуучулар тарабынан айтылып, НМУнун илим боюнча проректору Н.А. Чоробаева филология факультетинин студенти Зарлык кызы Мединага эне жөнүндө монолог айткандагы үчүн китеп белек кылды, ал эми Педагогика илиминин доктору, профессор Т.М. Сияев Илимий китепканага өзүнүн 22 нуска жана студенттерге 4 нуска китебин белекке берди.

2017−2018-окуу жылында активдүү окурмандарга китепкана тарабынан ыраазычылык баракчасы таркатылды, аны окутуучулар А. Жантаев, Б. Биймурсаева, А. Сарбагышева, А. Черикчиева, Б. Сулайманов, ж.б., о. э студенттерге да тапшырылды. «Активдүү окурман»" деп филология факультетинин «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы, Агрардык-техникалар факультетинин «Агротехникалык дисциплиналар» кафедрасы жана Педагогикалык колледж таанылды.

Илимий китепкананын өздүк курамы да сыйлыктарга татыды, айта кетсек китепкана директору Г. А. Кыдыралиева Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык кеӊешинин «Ардак грамотасы» жана китепкана кызматкерлери М. Суранчиева, А. Рысбекова НМУнун «Ардак грамотасы» менен, Н. Уметкулова «Бегайым Жангедиева» атындагы сыйлык менен сыйланышты.

Китепкананын бирден бир милдети бул жаштарды китепке болгон кызыгуусун арттыруу, китеп окууну алга жылдыруу. 27 — май китепкана кызматкерлерин жана өзүнүн жашоосун китепсиз элестете албаган, окууга, илимге, агартууга тиешеси бар өлкөбүздүн окурман калкын да куттуктайбыз.

Сүрөттөр