Ишмердүүлүгү

08/02/2024

08/02/2024

Берген кол алган колдон жогору
2024-жылдын 8-февралында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында аталган темада жолугушуу кече болуп өттү. Нарын шаарындагы «Үмүт шооласы» коомдук уюмунун түзүлгөнүнүн 3 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш чарага НМУнун, колледждердин студенттери, уюмдун мүчөлөрү, чакырылган коноктор катышты. Кеченин жүрүшүндө уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө видеослайд көрсөтүлүп, жетекчиси Эгимбаева Какен Абыловна уюмдун жетишкендиктерине кенен токтолду. Студенттер да өздөрүнүн калемине таандык ырларынан көркөм окушту.
Кеченин коноктору Нарын шаардык Кеңештин төрагасы А. Молдосалиев да уюмдун жетишкендиктерин баса белгилеп өттү. Кече музыкалык номерлер менен коштолду. НМУнун илим жана инновация боюнча проректору М.С. Нурдинов НМУ тарабынан куттуктоо катын жана белегин тапшырды. Илимий китепкананын директору Г. А. Кыдыралиева коомчулук менен байланыш китепкананын негизги багыттарынын бири экенин жана бул уюм менен өнөктөштүктө көптөгөн иш чараларды өтүп турганын да йтып өттү. Бүгүнкү кеченин максаты, уюмдун жетишкендиктеринин, ишмердүүлүгү менен тааныштыруу аркылуу студенттерге, кандай гана татаалдыктар, кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болсо да өзүн өнүктүрү, өстүрүү үстүндө тынымсыз эмгектенип, өлкөнүн өнүгүүсүнө да салым кошкон жаштардын болуусуна өбөлгө түзүү. Активдүү катышкан студенттерге китепкана тарбынан белектер тапшырылды. Уюмдун атынан ыраазычылык каттар НМУга, шаардык Кеңешке, «Жорго такси» кызматынын жетекчилерине, уюмдун активдүү мүчөлөрүнө тапшырылды.

31/10/2023

31/10/2023

«Саадаттын сахнадагы өмүрү»
Дал ушул темада НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын эмгек сиңирген артисти Көгөева Саадат Ажыкеевнанын чыгармачылыгына арналган музыкалык адабий кече, 2023-жылдын 31-октябрында болуп өттү. Илимий китепкана маалымат берип гана чектелбестен окуу жайдын тарбиялык процессине да активдүү катышат. Бул жолугушуунун максаты студенттерге руханий жактан калыптанышына көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кечеде Саадат Ажыкеевнанын өмүрү чыгармачылыгы тууралуу видео слайд, обондуу ырлар, «Бото көз» спектаклинен үзүндү ошондой эле кыска метраждуу «Архитектор» деген тасмасы көрсөтүлдү. Кече абдан кызыктуу өттү. С. Көгөеванын кесиптештери да өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кечеге Нарын облусунун мектеп китепканачылары, К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин жана НМУнун студенттери катышты. С. Көгөева өздүк китепканасынан китептерди белекке берди. Ал эми НМУнун проректорлору М. Нурдинов, Э. Саргашкаев жана илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиевалар, С. Көгөеваны КРнын «Эмгек сиңирген артисти» наамын алышы менен кызуу куттуктап, ыраазычылык кат тапшырылды.

27/10/2023

27/10/2023

«Илимий билимдерге ачык жеткиликтүүлүк«.

26−27-октябрда НМУнун илимий китепканасында «Ачык жеткиликтүүлүк» (Open access) жумалыгынын алкагында, студенттер, китепканачылар, окутуучулар үчүн тренинг болуп өттү. Бул иш чарада китепкананын директору Г. А.Кыдыралиева илимий коммуникациялар чөйрөсүндө, илимий эмгектерди жарялоодо, илимий маалымат алмашуу жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларына эркин жетүүнү камсыз кылууда ачык жеткиликтүүлүк тууралуу кенен айтып берди. Ачык лицензиялар тарыхына да токтолуп, институттук репозиторийлер тууралуу да маалымат берди. Китепкананын программисти Төрөбек уулу Шабданбек ачык жеткиликтүулүк тармагынан маалыматтарды издөо, сактоо жана аны менен иштөө мехнизмдерин практика жүзүндө көрсөтүп берди. Ошондой эле илимий китепканын электрондук ресурстары, EIFL-китепканалар үчүн электрондук маалымат консорциуму, EBSCO компаниясынын электрондук продукциялары тууралу да кеңири маалымат берип өттү. Катышуучулар тарабынан берилген көптөгөн суроолорго тренерлер жооп беришти.

25/09/2023

25/09/2023

Урматтуу Нуржан Уметкуловна!

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттеринин маданий жактан өнүгүшүнө, билим алуусуна зор салым кошуп келдиңиз. Азыркы күндө илимий китепкана ишенимдүү кадам менен келечекти көздөй, жаңы маалыматтык технологияларды өздөштүрүү жана китеп окуу традицияларды сактоо менен туура багытта бара жатканына кошкон салымыныз зор. Китепкана заманбап, маалыматтык — маданий борбор болгону анык. Өзүнүн ишине берилген, чыгармачыл, кесипкөй китепканачы катары сизди билебиз. Ошондой эле китеп окууну алга жылдырууда, көп түрдүү агартуучулук ишмердүүлүктү жүргүзүүдө натыйжалуу иш аракеттерди аткарып келдиңиз.

Сиздин ардактуу эс алууга кетүүңүз менен, өз ишин мыкты билген кесиптешти эле эмес, жаштарга туура жол көрсөткөн, бийиктиктерге шыктандырган устатты узатып жатабыз. Сиздин берген билимиңиз, кесиптик кеп кеңештериңиз китепканачылардын жүрөгүндө ар дайым сакталып калат.

Сизге чын ден-соолук бакыт каалап жашооңуздун жаңы этабында бактылуу көз ирмемдерин көп болушуна тилектешпиз.

13/09/2023

13/09/2022

Белек- көңүлдүн ачкычы,

маанайдын жакшысы!

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Педагогика факультети Нарын шаарынын 155 жылдыгына карата иш чара уюштурушту. Иш чарага Улуттук илимдер Академиясынын илим изилдөөчүсү, Нарын шаарынын ардактуу атуулу Каныбек Бокоев НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасына өзүнүн «Кыргызстандагы полиция- милиция кызматтары» аталыштагы 4 нускадагы китепти белекке берди. Бул эмгек жеке эле Милиция кызматкерлери үчүн эмес архивдик маалыматтарды урматтап, билимин тереңдеткен жаштарга жогорку окуу жайлардын студенттерине, курсанттарына, жалпы эле кара кыргыз тарыхын сыйлаган атуулдарга багытталган эмгек.

Каныбек Бокоевге жалпы жамааттын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

04/09/2023

04/09/2022

Куттуктоо

Урматтуу Жедигер Ибраимович!

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекетик университетинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атынан Сизди, «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамын алышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сыйлыгыңыз НМУнун илимий китепканасындагы музейдин баалуу сыйлыктардын катарын толуктады. Талыкпаган кайратман эмгегиңиз менен бийиктиктерди багындырдыңыз. Сиз басып өткөң жол адамдык асыл сапаттар менен коштолуп, жараткан чыгарамарыңыз аркылуу студенттерге үлгү болуп келесиз. Мындан ары да эл-жериңизге жаңы мыкты чыгармаларды жаратат деген ишеничтебиз.

Ишиңизде ар дайым ийгилик болуп, талыкпаган күч-кубат коштоп жүрсүн. Үй-бүлөңүз менен бакубат турмушта жашап, денсоолугуңуз чың болушун каалайбыз.

Терең урматтоо менен

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик

университетинин ректору, п.м.а. Э.М. Байбагышов.

23/09/2022

23/09/2022

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасынын № 1, № 2 окуу залында Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата «Мамлекеттүүлүгүбүздүн келечеги эне тилибизде», «Эне тилим эчен кылым карыткан эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу жолугушуу болуп өттү. Иш чарага Нарын областык юстиция башкармалыгынын башчысы Шералиев Хамид Аралович, НМунун окутуучулары, студенттер катышты. Хамид Аралович тил мыйзамынын качан, кантип кабыл алынганы тууралуу студенттерге кеңири маалымат берип, катышуучулар тарабынан суроо-жооптор болду. Студенттерди кичи топтордо иштетишип, кыргыз тилин өнүктүрүү максатында ар бир топ презентацияларды өткөрүштү. Китепкана кызматкерлери жана студенттер кыргыз акындарынын ырларынан көркөм окушту жана ошондой эле өз калеминен жаралган ырларынан да филология факультетинин 3-курсунун студенти Улан кызы Сырга көркөм окуду. Активдүү катышкан студенттерге белектер жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Илимий китепкана окуу жайдын маданий агартуу жана тарбия иштерине активдүү катышып келет. Бүгүнкү иш чарада студенттерди Мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттуулук сезимин ойготтук деген ишеничтебиз.

27/05/2022

27/05/2022

«Китеп, илим-тилсиз мугалим». КРнын Китепканалар күнүнө карата НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы жана Нарын облустук балдардын билим берүү борбору менен биргеликте кече уюштурулду. Кечеде байлыктардын байлыгы болгон жаңы китептин бет ачары, китеп окуу боюнча жана «Мыкты окурман-2022″ сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи орун алды. „Данакер асылзат Гүлмира Мамбеталиева“ китебинин бет ачарында профессорлор А. Акунов, Т. Чоротегин жана Г. Мамбеталиева атындагы коомдук фондунун жетекчиси Ф. Мамбеталиева катышты. Ошондой эле бул коноктор тарабынан китепкананын китеп фондусуна баалуу белек болгон китептер тапшырылды. Г. Мамбеталиева тууралуу ой пикирлери менен НМУнун окутуучулары, студенттер да ой бөлүштү. Видеоролик көрсөтүлдү. Ошондой эле китепкана кызматкерлери да сыйлоого татыктуу болду. Көп жылдык үзурлүү эмгеги үчүн Роза Бектуровага „Китепкана жылдызы“ сыйлыгы ыйгарылды. Н. Акунбаевага НМУнун Ардак грамотасы тапшырылды. НМУнун профсоюз уюму да китепкана кызматкерлерин куттуктады. Мындан сырткары» Мыкты окурман, студент-2022″, «Китепкөй окурман, окутуучу-2022» номинацияларынын ээлерине Грамоталар, НМУ тарабынан белектер ыйгарылды. Алар: Н. Нуралиева, Г. Эсеналиева, М. Мамытова, М. Мамбетова, М. Абдыракунова, К. Рахматов, студенттер: А. Эсенгулова, Таалайбек к А, Жыргалбеков А, Амангелдиева А, Алфавитова Г. жана Талантбек к.Ж. Китепкана тарабынан ыраазычылык каттар М. Жумабаевге, Ж. Кадыровага, Өмүрова Кенжеге берилди. Э. Портердин «Полианна» китеби боюнча сынагынын жеңүүчүлөрү НМУнун илим, өнүктүрүү боюнча проректору А. Жантаев жана декандар Э. Молдалиев, Э. Исраилов, Г. Мунайтпасова, Ж. Таштанкулова тарабынан эң баалуу белектер менен сыйланышты.

11/05/2022

11/05/2022

Урматтуу НМУнун китепкөй окутуучулары жана студенттер, сиздер үчүн жакшы жаңылык. Илимий китепкананын китеп фондусу дагы бир баалуу китеп менен толукталды, тактап айтканда тарых илимдеринин доктору, профессор Койчуманова Чолпон Урушбековнанын «Аялзаттын тагдыры: Мезгил күүсүндө» аттуу китеби.
Монографияда эгемендүү Кыргызстандын калыптануусунда жана өнүгүүсүндө элеттик аялдардын ролу чагылдырылган. Китеп өз окурмандарын табат деген ишеничтебиз. Чолпон Урушбековнага терең ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да кызматташууга чакырабыз.

28/04/2022

28/04/2022

2022-жылдын 28 апрель күнү «Парктар маршы 2022-ж» Эл аралык акциясынын алкагында Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Эл аралык өнөктөшү болгон Россия Федерациясындагы Тоолуу Алтай Республикасынын Катун биосфералык коругу жана Казахстан Республикасынын Катон-Карагай мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы менен биргеликте өткөрүлгөн «Заповедные горы и их обитатели» тематикасына ылайык Нарын шаарындагы орто мектептеринин окуучуларынын арасында жарыяланган Эл аралык көркөм сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынак окуучулардын жаш курагы боюнча 3 категорияда жүргүзүлдү: 1 категория 1−4 класстын окуучулары арасында, 2 категория 5−8 класстын окуучулары арасында, 3 категория 9−11 класстын окуучулары арасында өткөрүлдү.
Сынакка жалпы 150 окуучунун эмгектери келип түшүп, жободо көрсөтүлгөн талаптарга туура келген окуучулардын эмгектери атайын жаратылыш коругунун кызматкерлеринен, Нарын аймактык башкармалыктан жана ошондой эле Нарын мамлекеттик университетинин көркөм өнөр адистиги боюнча окутуучусу Бакиров Мирбек агайдан турган комиссия курамынын чечими менен тандалып алынып, эл аралык деңгээлдеги «Диплом», «Ыраазычылык каттары» жана жаратылыш коругунун демилгеси менен тартылган демөөрчүлөр тарабынан атайын баалуу белектер ыйгарылды. Окуучуларды даярдаган агай, эжелерге «Ыраазычылык каттар» тапшырылды. Сынактын максаты окуучулардын жаратылыш байлыктарын сактоого болгон көз карашын оңдоо, өсүп келе жаткан муундардын, окуучулардын көркөм өнөрлөрүн, чыгармачылыктарын жогорулатууга көмөктөшүү, окуучулардын тоолуу аймактардагы жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле кылууга үндөө, ошондой эле экологиялык билимдерин кеңейтүү, Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына окуучулардын көңүлүн буруу болду. Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Э. Гареев атындагы ботаникалык багынын Нарын шаарындагы филиалында окуучуларга атайын ботаникалык багы менен тааныштыруу максатында экскурсия уюштурулду.

30/04/2021

30/04/2021

30-апрелде Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында «Мендеги жакшы сапаттар учун мен китепке милдеттуумун» атту адабий кече болуп отту. Алгач Саалаевдин окуу залынын жана электрондук залдын ачылыш аземи болуп, ленталар кесилди НМУнун ректору Э. Байбагышов кечени ачып, анын максаты менен тааныштырды.

Кеченин коноктору:

Ж.Саалаев, акын, журналист, юрист, Койчуман Казакович Момункулов, КР Китеп палатасынын директору;

Кыялбек Урманбетов, кыргыз эл акыны;

Гүлжамила Шакирова, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер;

Бурулкан Сарыгулова, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

Тынара Абдыразаева, КР эл артисти катышышты.

Ж.Саалаевдин «Манас дух» китебинин бет ачары болду. Китеп тууралуу автор кенен маалымат берди. Ж. Саалаевдин, К. Урманбетованын, Г. Шакированын чыгармаларынан педагогика факультетинин студенттери корком окуп беришип, озгочо таасир алышты. Ошондой эле Ага хандын онуктуруу программасы аркылуу китепкана заманбап технологиялар жана экономика тармагындагы китептер менен камсыз болгону студенттердин билим алуусуна чон оболго экени баса белгиленди. Ж. Саалаевге «Нарын мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Борбордук Азия университетине ыраазычылык каты тапшырылды. Ошондой кечеге катышкан Ала Тоо университетинин китепкана окулдору, Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасынын директору А. Байгабатова куттуктоо соз айтып, алып келген китеп белектерин тапшырышты. Илимий китепкананын фондусун акындар алып келген китептер толуктады. Жыйынтыгында активдуу, позитвдуу окурман окутуучу, студенттерге грамоталар, белектер тапшырылды. Буд иш чара китеп адам баласынын алмашкыс байлыгы экенин тастыкдады.

23/04/2021

23/04/2021
Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

«Тааныткан тегиз ааламды, китепсиз дуйно карангы». Китеп байлыктардын байлыгы. Ошол байлыкты сактап, топтоп, жайылтууну китепкана ишке ашыруууда. Китеп акылга, ыймандуулукка, адептуулукко үндөйт. Буткул дүйнөлүк китеп күнүнө карата НМУ нун Ж. Саалаев атындагы китепканасында педагогикалык, медициналык, агрардык- экономикалык колледждердин студенттери китеп кунун белгилешти. Алар учун семинар тренинг уюштурулду. Тренер НМУнун филология факультетинин студенти Н. Кубанычбекова жана китепкана кызматкерлери студенттер учун жагымдуу маанай түзүп, китептин мааниси, баалуулугу тууралуу кызыктуу ангемелешишти. Катышуучулар топтордо иштеп, бир жылда окуй турган китептердин жадыбалын түзүштү. Китепкананын алдындагы «Дилгир окурман» клубунун мүчөлөрү тарабынан «Китепкой окутуучу» конкурсу мугалимдер арасында жарыяланды. Тренинг белектер, концерттик номерлер менен коштолду. Активдуу окурмандарга ыраазычылык каттар тапшырылды.

07/03/2021

07/03/2021

НМУга Кыргыз эл акыны Кожогелди КУЛТЕГИНДИН китептери тапшырылды.

Ар бир өлкөнүн атак даңкын дүйнө элине таанытууда акындардын салымы зор.

Бүгун, 2021-жылдын 7-март күнү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде дагы бир жакшы саамалык болду.

НМУнун Ж.И.Саалаев атындагы илимий китепканасынын китеп фонду Кыргыз элинин сыймыгы болгон акындын баа жеткис китептери менен толукталды. Атап айтсак, Кыргыз эл акыны, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Түрксой эл аралык уюмунун Алтын медалынын ээси Кожогелди Култегин өзүнүн чыгармалар жыйнагынын беш томдугун НМУга белек кылды.

Бул жолугушуу НМУнун илимий китепканасында уюштурулду. Бул саамалыкка китепкананын аты ыйгарылган Ж.И.Саалаев да катышты. НМУнун ректору Э.М.Байбагышов меймандарды кабыл алып, жетекчиликтин, профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин атынан ыраазчылык билдирип, — бул китептер өз окурмандарын табат, — деп баса белгиледи.

04/03/2021

04/03/2021

Айымдардын эл аралык күнүнө карата НМУда Агрардык — экономикалык колледж тарабынан уюштурулган «Университеттин универсал айымдары» аттуу майрамдык конкурс өткөрүлдү. Катышкан 8 команданын ичинен Илимий китепкана жана Мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунан турган айымдардын командасы байгелүү экинчи орунду ээледи. Жеңишиңиздер менен! Окуу жайдын баардык айымдарын китепкананын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин.

03/03/2021

03/03/2021

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Жедигер Саалаев атындагы Илимий китепканасынын китеп фондусу эң бир баалуу кенч болгон табылгыс китептер менен толукталды. Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча уюму «Тоолуу университеттердин өнөктөштүгү» программасынын алкагында 2021-жылдын 3-мартында басымдуу бөлүгүн экономика тармагы боюнча кийинки жылдарда гана басмадан чыккан жаңы окуу китептери, окуу-усулдук эмгектер түзгөн абдан баалуу басылмалардын топтомун кайтарымсыз түрдө тартуулады. Бардыгы болуп китепканага 66 аталыштагы 310 нуска китеп келди. Алардын жалпы наркы 570 440 сомду түзөт. Көпчүлүгү экономиканын, менеджменттин, маркетингдин маанилүү көйгөйлөрү боюнча учур үчүн актуалдуу изилдөөлөргө негизделген бул окуу китептеринин дээрлик бардыгы 2019−2020−2021-жылдарда басылып чыккан. Башкача айтканда, бул эмгектер илимдеги эң жаңы маалыматтарды камтышат. Алар окуу жайдын жалпы эмгек жамааты жана студенттери үчүн баа жеткис белек болуп калды. Китепкананын текчелеринен орун алган бул окуу-усулдук адабияттар азыр өз окурмандарын күтүп жатат. Буларды окуп-үйрөнүү, окуу процессинде пайдалануу тоолуу аймактагы университеттин окутуучулары менен студенттеринин билим деңгээлинин жогорулоосуна абдан зор таасир кылат.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги, жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана студенттик жамааты Ага Хандын Өнүктүрүү уюмунун өкүлү Мародасеинов Алиёр мырзага окуу-усулдук адабияттар менен камсыздоого көмөк көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдирет, ошондой эле мындан ары да билим берүү, илим изилдөө жаатындагы, андан сырткары социалдык өнөктөштүк боюнча өз ара пайдалуу кызматташтык үзгүлтүксүз улана берерине ишендирет.

22/02/2021

22/02/2021

22.02.2021 — жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттеринин демилгеси менен «Китеп биздин доордун күзгүсү» аттуу долбоордун алкагында иш чара өткөрүлдү. Кечеде студенттер тарабынан китептин баалуулугу тууралуу маалыматтар берилди, викториналык суроолорго студенттер активдүү жооп беришти. Факультеттин деканы Э. Бектурова, кафедра башчысы Ш. Султаналиева, Ж. Саалаев атындагы Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева, окутуучу М. Бакиров студенттерди китеп окууга үндөдү. Кече студенттердин концерттик программасы менен коштолду.
Жыйынтыгында аталган факультет тарабынан Илимий китепкананын фондусуна ар кыл тармактагы 50 нуска китеп белекке берилди. Китепкананын жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз, бул китептер өз окурмандарын табат деп ишенебиз.