Мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына арналган иш-чаралар

1989-жылдын 23-сентябрында «КРда мамлекеттик тили» жөнүндө мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилине «Мамлекеттик тил статусу» берилген. Мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына арналган жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү концепциясына ылайык 18.09.-28.09.2017-ж. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан кыргыз тили боюнча С. Нааматов атындагы НМУнун бардык факультеттеринин 1-курстарынын арасында ОЛИМПИАДА өткөрүлдү. Олимпиадага жалпы 64 студент катышып, 2-тур менен жыйынтыкталды жана төмөндөгү студенттер жеңүүчү аталышты.

1-орун Жолдошбек кызы Адина А-17

2-орун Асылбек кызы Нурганым ЭС-17

3-орун Максатбек кызы Жазгүл К-17

18.09.-28.09.2017-ж. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан сабатуу жазууга үндөө жана сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү максатын көздөгөн «Сабаттуу жазалы» акциясы болуп өттү. Ага С. Нааматов атындагы НМУнун баардык факультеттеринен 72 студент катышты. Акциянын катышуучуларына жат жазуунун жыйынтыгы жеке өзүнө угузулду жана купуялуулугу сакталды. Сабаттуу жазган студенттер жеңүүчү деп аталып, грамоталар менен сыйланды. Алар:

  1. Бактыбекова Алина АЧ-17
  2. Нурланбек к. Медина АЧ-17
  3. Белек к. Канайым А-16
  4. Максатбек к. Назима Нем.-16

22.09.2017. «Өнөр алды — кызыл тил» аталышындагы автордук ырлар сынагы болуп өттү. Бул күнкү иш-чара акындыкка шыктуу биринчи курстардын арасында өткөрүлдү. Сынакка Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректору Т.Өмүрканов илим, инновациялык технологиялар жана тышкы байланыштар боюнча проректору Н. Чоробаева катышып, куттуктоо сөз сүйлөштү. Төмөнкү студенттер байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун Шарабидин кызы А.

2-орун Нуркалый кызы Венера

3-орун Молдобеков Толкунбек

26.09.17-ж. «Тил дөөлөтү - эл кенчи» аталышындагы иш-чара 401-аудиторияда саат 12.00дө Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу, К-17 тайпасынын куратору Г.Үсөналиеванын жетекчилиги менен болуп өттү. Иш-чарада студенттер кыргыз акындарынын ырларынан көркөм окуп, ыр, бий менен коштолду.

27.09.17-ж. «Кыргыз тилим — көөнөрбөгөн мурасым» аталышындагы иш-чара 401-аудиторияда саат 13.00дө Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу, АЧ-17 тайпасынын куратору Б. Аман кызынын жетекчилиги менен болуп өттү. Кечеде кызыктуу оюндар, обондуу ырлар, бийлер болду.

29.09.17-ж. Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде Нарын мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы жана Борбордук Азия Университетинин кыргыз тили бөлүмүнүн студенттери тарабынан уюштурулган «Кыргыз тили — ынтымактын тили» аталышындагы салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тил күнүнө арналган иш-чараларды жыйынтыктоо, студенттерге сыйлоо баракчаларын тапшыруу болуп өттү.

5.10.17-ж. Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чараны АЧ-17 тайпасы, куратору Б. Аман кызынын жетекчилиги менен өткөрүлдү. Кече ыр, бий, кызыктуу оюндар менен коштолду.

12.10.17-ж. 12.00. дө Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Т. Аскар уулу тарабынан К-16 группасы менен биргеликте «Тил таймаш» конкурсу болуп өттү. Конкурска филология факультетинин I курстарынын 5 командасы катышып, 6 тапшырмадан турду. Жыйынтыгында:

1-орунду Нем-17 группасынын «Ак шумкар 1» тобу

2-орунду К-17 группасынын «Санжыра» тобу

3-орунду Р-17группасынын «Ак шумкар 2» тобу

4-орунду А-17 группасынын «Акыл Карачач» тобу

5-орунду АЧ-17 группасынын «Ак Бата» тобу камсыз кылышты.

12.10.17.-ж. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын түрк тили жана маданияты борбору тарабынан мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болду. Кече эки элдин маданиятына арналган ыр, бий, кызыктуу оюндар менен коштолду.