«Студенттин өз алдынча илимий иши"аттуу конкурсу

C. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Билим берүүнүн сапаты» бөлүмүндө «Студенттин өз алдынча илимий иши"аттуу конкурсу болуп ѳттү. Бул конкурс аталган университетте 27 чи — жолу ѳткѳрүлүп жатат. Конкурска Агрардык техникалык, Экономика бизнес жана башкаруу, Педагогика, Филология факультеттеринин жана Нарын педагогикалык колледжи менен Нарын агрардык экономикалык колледжинин студенттери катышышты.

Конкурстун негизги максаты:

  • ·Студенттерге өз алдынча илимий ишти аткарууну, алган билимдерин чыгармачылык менен колдонууну үйрөтүү;
  • Студенттерде учурдун талабына шайкеш келген профессионалдык жана универсалдуу компетенцияларды калыптандыруу болуп эсептелет.

Бул конкурс 2009-жылдан бери үзгүлтүксүз өтүп келүүдө. Конкурсту баалоо үчүн Нарын шаарындагы стейкхолдерлер: Демирбанктын Нарын филиалынын башчысы Төлөгөнова Анарбүбү, «Дос — Кредо «банкынын кредит бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жолдошбек уулу Алмаз, Нарын шаардык Кенешинин депутаты Аскарбеков Айбек катышышты жана алар техника жана экономика багытындагы студенттердин илимий иштерин баалашты. Ал эми Кесип Бирликтердин Нарын облустук Кенешинин төрагасы Муканбетаалы Жунушалиевич баштаган комиссия, педагогика жана филология факультетинин студенттеринин иштерин карап, жогорку баа беришти. ЮСАИДдин «Бирге окуйлу» долбоорунун өкүлү Осмокеева Токтогүл студенттердин эмгектери региондун өнүгүшүнө салым кошо турган өтө актуалдуу кичи проекттер экендигин белгиледи

ХХVII «Студенттин өз алдынча илимий иши» конкурсунда орун алган студенттер.

Биринчи орунду ээлегендер: ЭБжБ факультети- Темирбеков Арген, Филология факультети- Тукешова Гульнура, Педагогикалык колледж- Ногоева Айза.

Экинчи орунду ээлегендер: Агрардык техникалык факультети- Кубатбек уулу Азат, Педагогика факультети- Алтыбаева Назира, Калдыбек кызы Каныкей, Нарын агрардык экономикалык колледжи- Абдыбекова Алтынай

Үчүнчү орунга татыктуу болгон студенттер: ЭБжБ факультети — Уланбекова Эльнура, Абайылдаева Айгерим, Филология факультети- Мырзабекова Алина, Бакаева Бегимай, Педагогикалык колледж — Нарынбекова Адина

Молдалиева Мизира жетектеген С. Нааматов атындагы НМУга караштуу Агрардык техника-экономикалык колледжинин студенттеринин «ЭТНО» коллекциясы катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Колледждер арасындагы конкурстун комиссиясын Нарын юридикалык колледжинин директору, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Андабеков Нурбек Турдугазиевич жетектеди. Стейкхолдерлердин катышуусунун максаты- НМУнун алдынкы бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылуу. Алар конкурсту мындан ары да жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча айрым сунуштарды беришти.

Конкурстун уюштуруучулары: Илим, инновациялык технологиялар жана тышкы байланыштар боюнча проректор Чоробаева Нарынкүл Абдыкалыковна жана Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн жетекчиси Шерматова Илмира Кубанычбековна

Сүрѳттѳр