↑ Вернуться: Илимий китепкана

«Жаштар жана шайлоо» темасында жаштар арасында тренингдер өтүлдү.

Ж.Саалаев атындагы илимий китепканасы жана «ПАРАЛЛЕЛЬ» Ассоциациясынын коомдук бирикмеси менен биргеликте «Жаштар жана шайлоо» темасында 18,19,20,21-апрелде жаштар арасында тренингдер өтүлдү. Бул жолу Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун кесиптик лицейлеринин окуучулары катышты. Эң алгач аларга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле илимий китепкананын ишмердүүлүгү менен таанышышты. «Жаштар жана шайлоо» долбоору Кыргызстандагы АКШ элчилиги жана «Кыргызстандагы Фулбрайт Ассоциациясы» тарабынан колдоого алынган. Долбоордун максаты: жаштардын укуктук маданиятын, шайлоо институна жана шайлоо системасына болгон позитивдүү көз карашын калыптандыруу болуп саналат.

сүрѳт 1, сүрѳт 2, сүрѳт 3, сүрѳт 4.