Дене тарбия кафедрасы

Кафедра башчысы Бекежанов Мукан Арстанкулович
Улуттук оюндардын учурдагы абалы.

 Кыргыз эли үчүн «Манас» эпосунун тарыхий- фольклордук мааниси абдан зор. Кылымдардан-кылымга кыргыздар бул эпостон мамлекеттүүлүктүн жогорку стимулдарын,улуттук биримдиктин идеяларын, адамгерчиликтин булактарын,элдик оюндардын түрлөрүн алып келишкен. «Манас» эпосу кыргыз элинин, анын ичинде ар бир инсандын улуттук сыймыгы экендиги жөнүндө сөз кылууда Индия элинин улуу акыны, ойчулу Рабиндранат Тагордун (1861-1941) төмөндөгү сөздөрү эске келет: «Дүйнө алдында өзүн көрсөтүү ар бир улуттун милдети. Эгерде анын башкаларга айта турган эч нерсеси жок болсо, муну улуттук кылмыш катары түшүнүш керек, бул өлүмдөн жаман, муну адам баласынын тарыхы эч кечирбейт, өзүщүдөгү болгон акыл наркты жалпы адамзаттык көрүнүшкө айландыруу- ар бир атуулдун милдети »1.Демек, кыргыз эли өзүн дүйнөгө «Манас» аркылуу, андагы адамзаттык  асыл нарктар аркылуу таанытат. «Манас» эпосундагы дүйнөлүк баалуулукту башкалардан биринчи өзүбүз, кыргыз эли баалап, көрө билишибиз зарыл. өзүбүз толугу менен билбей туруп, башкаларга эмнени айтып, эмнени жеткиребиз деген суроо туулат. Биз, өзүбүздүн сыймыгыбыз болгон «Манас» эпосун, анда чагылдырылган улуттук идеяларды сыйлабасак башкалардан эмнени үмүт кылабыз. Профессор С.Байгазиев белгилегендей «Кыйчалыш кыйын учурда эли-журтубуз туура ориентир, багыт, жол көрсөтөөр белги болуп бере турган идея-маяктарга, жетектөөчү жогорку дөөлөттөргө, сыйынаар туу катары, тутунаар  асыл нарктарга, бийик моралдык чен өлчөмдөргө бузбай, булгабай турган ыйык нормаларга, бир сөз менен айтканда улуттук  идеяга, улуттук идеологияга муктаж болуп турган заманда «Манас» бизге аба менен суудай керек болууда».2

Эпостогу «Дөөдүр алптын жеңилиши» бөлүгүндө «Манас» отуз бала менен «ордо» ойноп жатканда, Дөөдүр үч жүз төөсү бар кербени менен ордонун аянтын тебелетип өтөт. Ордону тепселөө- бул ордо ойнолуучу аянтты гана тепселөө эмес, бир эле инсанды тепселөө эмес, бүтүндөй бир улутту басмырлоо болуп саналат. «Манас» эпосунда бул багыт боюнча эч ой айтылбайт. Бирок,эпосту кунт коюп окуганда, улуттук «ордо» оюну менен бирдикте башка дагы маани берилгенин баамдаса болот. Бул жерде биз, Дөөдүр алп ордону тебелегендегиси менен, кыргыз элин бүтүндөй тебелегенге барабар болот ден эсептесек болот, ал үчүн эч  кимден коркуп-үркпөй, эч бир жазаланбай эле  элдерди басмырлай алам дегендей мамиле кылган. 3(Б. Исаков, Т. Омурбеков. «Манас наама,» 2005-ж, 485-б)

Буга чейин «Манас»  эпосунун көптөгөн аспектилери изилденип келген. М: адам аттары, жердин аттары,лексикология, мифологиялар ж.б. Ошол эле мезгилде изилденбеген «Ак тактар» да бар. Буга далил болуп, эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А.Акаевдин 2003-жылы жарыкка чыккан «История, которая прошла через мое сердце»- деген китебинде «И загадкой из загадок, конечно же, остается наш героический эпос «Манас». В ходе длительных научных исследований, а также при подготовке к 1000- летию этого величайшего творения удалось вскрыть лишь верхние пласты, относяшиеся к истории его создания связам с историческими фактами, уникальной поэтике произведение»- деп жазган. Чындыгында эле, 1000- жылдык тарыхы бар улуу «Манас» эпосунун жогорку катмары изилденгени менен, дагы эле көптөгөн изилденбеген тармактары бар. Алардын бири болуп улуттук, элдик оюндар менен улуттук спорттун түрлөрү эсептелет. Бул кемчиликти жоюш, б.а. «ак тактарды» изилдеш үчүн жаңы көз караштар керек, анткени илгертеден « Манас » эпосунда жолуккан оюндарды карап көрсөк, алар кыргыз элинин каада-салты- катары каралып келген жана аларды өзүнчө тема катары  бөлүп караганга болбойт деп эсептелген. Ошого карабастан, биз «Манас» эпосундагы кезиккен элдик улуттук оюндарды өзүнчө  тема кылып алып, изилдөөгө аракет кылып, улуу кыргыз элинин «Манас» үчилтигин көптөгөн окумуштуулар тарабынан изилденгени менен, дагы эле болсо да, анын чети кетиле электигине ынандык. «Манас» эпосун ар ким өзүнчө, ар кайсыл тармактар боюнча изилденгени менен, ал эпосту толугу менен түшүнүш үчүн комплекстүү изилдениши керек. «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесин өткөргөндө жанданып келе жаткан иш-чаралар азыркы учурда сээлдеп калгансыйт. Бүгүнкү күндө «Манас» үчилтигинин 65 варианты белгилүү, белгисиз варианттарын изилдөө улантылып жатат. Белгилүү болгон версияларын ар кайсы залкар манасчылар өзүлөрүнүн варианттары менен айтканына карабастан, баардык варианттарында кыргыз элинин биримдигинин, айкөлдүгүнүн, эрдигинин, руханий байлыгынын, айрыкча оор, татаал кездеринде  баардык кыйынчылыктарды чогуу жеңе билгендиги даңазаланып, миң жылдык философиялык мурастарын ооздон- оозго, муундан муунга өткөрүп келишкен. Улуу «Манас» үчилтигинин уникалдуу феномени болуп, эпосто кезиккен улуттук элдик оюндар түп тамырынан бери унутулуп калбастан, тескерисинче биздин күнгө чейин жетиши, өнүгүшү эсептелет. Эпосто көрсөтүлгөн оюндарды жеке эле кыргыз эли эмес, көптөгөн башка улуттун өкүлдөрү да өздөштүрүп келиши ошол мезгилдерден бери кыргыздардын жашоосундагы каада салттарын жакындаштыргандыктарын айгинелейт. Мисалга алса алсак, Бишкек шаарындагы Аккула ат майданында өткөрүлгөн «Улак тартыш» боюнча Эл аралык мелдешке Кытай, Ооганстан, Тажикстан, Казакстандын улакчылары катышып, мелдештеги таймаштар курч маанайда өткөндүгүнө, бул оюн ал мамлекеттерде дагы окшош эле тартиптер менен ойнолооруна күбө болдук.

Азыр мамлекет тарабынан элдик улуттук оюндарды өнүктүрүү боюнча бирдиктүү концепция кабыл алынып, бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайлардын студенттерине улуттук оюндарды камтыган сабактар өтүлүшү жөнүндө аракеттер көрүлүш керек. Ал үчүн бул оюндар ар тараптуу изилденип, өзгөчө программа иштелип чыгып, улуттук, элдик оюндардан сабак берүүчү окутуучулар даярдалышы абзел. Бул иш-чаралар канчалык бат жана жогорку денгээлде уюштурулса, Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн, жаш муундар үчүн табылбас байлык болуп кала тургандыгында эч шек жок. Талас шаарында өткөн улуттук оюндардын кезектеги спартакиадасы өзүнүн максатына толугу менен жете алган жоктой. Анткени, спартакиадага спорттун кээ бир түрлөрү боюнча командалар толугу менен катыша алышкан жок. Буга мелдештин уюштурулган мезгили,жердин алыстыгы, каражаттын жоктугу бир себеп болсо, жер-жерлерде улуттук оюндарды өнүктүрүүчү иш чаралардын начар деңгээлде экендиги экинчи себеп болуп саналат. Албетте, бизде мындай спартакиадалар өтүлүп турушу керек, бирок өтүлүп жаткан мелдештердин эң негизги максаты элдик, салттык оюндарды пропагандалоо, калкыбыздын калың катмарына жайылтуу болуп эсептелет эмеспи. Эптеп-септеп эле «баланчанчы жылы, баланчы жерде мелдеш өтүлдү» деп, отчет үчүн мелдеш уюштурула бергенден эч пайда жок экендигин Советтер Союзунун   доорунда көрбөдүкпү. Андан эмне келип чыкты? Мелдешке жиберилген катышуучулардын  санын ашыкча жазып, аны уюштурууга кеткен чыгымдарды (жол каражаты, тамак-аш, жатакана, форма ж.б. ) бөлүп алышып, жада калса  жеңүүчүлөрдү  тандоо да, сыйлоо да «коррупция» жолу менен аныкталып калгандыгы ачуу чындык го. Ал кездерден калган «стереотиптерди» тез арада сындырып, ансыз деле жетишсиз денгээлде бөлүнгөн бюджеттик акча каражатын туура пайдаланбасак, биздин сыймыгыбыз болгон улуттук оюндарыбызды өнүктүрмөк турмай, таптакыр жоготуп алабыз деген коркунуч туулат. Албетте, бул тармакта дагы иш чаралар уюштурулуп жатат, аракеттер бар,жетишкендиктер да жок эмес. Ошентсе дагы, улуттук оюндарды келечек муунга жеткирүүдө тез аранын ичинде комплекстүү иш-чаралар кабыл алынуусу зарыл. Мындан сырткары, окумуштууларга дагы болгон шарттар түзүлүп, унутулуп жаткан улуттук оюндар ар тараптуу изилдениши зарыл. «Манас» эпосундагы салттык, элдик оюндар аркылуу кыргыз элинин келечеги, территориялык көз карандысыздыгы сакталып келет. Мамлекет тарабынан окумуштуулар менен бирге эл аралык конференциялар, семинарлар, тегерек столдор уюштурулуп турушу керек, бул жөнүндө массалык маалымат каражаттары толугу менен маалыматтарды бериши тийиш. Спорт жагын тейлеген мамлекеттик чиновниктер чыныгы профессионал спортсмендерден тандалып, кызматка бекитилиши зарыл. Спорттун элдик түрлөрүн өнүктүрүүгө элибиздин улуттук кызыгуусун туудуруш туура болот. Буга кызыкдар болгон бирин-экин кишилер ар кимиси өзүлөрү жашаган жерлерде, өз-өзүнчө болбой, баштарын бириктиришип «бир жеңден кол, бир жакадан баш» чыгарып, көптөн бери чогулган проблемаларды бирге чечкенге аракет кылышса, спорт чиновниктери буга шарт түзүп беришип, элге билим берүү жана илим министрлиги  менен чогуу иштешсе көбүрөөк майнап чыгат болсо керек. Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүнүн дагы бир максаты бул өлкөбүзгө кошумча акча каражаттарын алып келүү аркылуу экономикалык  абалын жакшыртуу. өлкөбүздүн абройун, престижин жогорулатуу. Элдик оюндардын өнүктүрүлүшү менен бирге Кыргыз Республикасында туризм тармагын дагы өнүктүрүүгө кеңири жол  ачылат. Бул иш-чараларды Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес инсандар демилге көтөрүп, жакынкы убактарда баштабаса, кеч болуп калат. Себеби: улам убакыт өткөн сайын, биздин жаштарыбыз көбүрөөк Американын, Европанын жашоосундагы жат көрүнүштөргө тартылып баратканы дагы эч кимге жашыруун сыр эмес.

Улуу «Манас» училтигиндеги элдик, салттык оюндар аркылуу кийинки муундарга патриоттуулук, Ата-Мекенин, эли-жерин ички жана тышкы душмандардан коргоо ыйык милдет экендигин жеткирип келгени дагы чындык. Улуттук оюндарыбызды эл аралык аренага алып чыгуу менен бирге, биз кыргыз элинин байыркы, түпкүлүктүү  эл экендигин, өзүнүн баатырдык эпосторундагы көз карандысыздыгы үчүн жүргүзүп келген күрөшүн, улут катары жөн эле жашап келбей, андан ары да өсүп-өнүгүү жөнүндөгү идеяларын дүйнөгө тааныта алабыз. Бала төрөлгөндөн баштап эле, элибиз улуттук оюндар аркылуу балдарга аскердик тарбия берип, руханий байлыгын өстүрүп, мекенине болгон сүйүүсүн арттырып келишкен. Балдар жаш кезинен баштап, аш- тойлордо өткөрүлгөн элдик, салттык оюндарга аралашып жүрүп, убагы келгенде ошол оюндар аркылуу баралына жетип, эли-жерин коргоочулардан болушкан. Улуттук оюндар илгертеден кыргыз элинин канына сиңген салттык көрүнүш, жогоруда көрсөтүлгөндөй, мелдештерге  түшкөн адамдар жеке гана байге үчүн эмес, Ата  мекенинин намысын талашкан жана мындай мелдештерге чыгыш үчүн узак мөөнөттө даярданган.  «Манас» үчилтигиндеги кездешкен оюндарды элдин калың катмарына жеткирүү, унутулуп бара жаткан кээ бир оюндарды изилдеп, иштеп чыгуу аркылуу өзүбүздүн келечекке болгон үмүттөрүбүзгө  жете алабыз. Анткени «тарыхы болбой, эл болбойт» дегендей, биз тарыхыбызда ата-бабаларыбыз кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшү үчүн канын-жанын аябай күрөшкөндүгүн унутпашыбыз милдет. Элдик, салттык оюндарыбыз дагы бүгүнкү күнгө  атадан-балага мурас катары берилип, ойнолуп келгендиги, элибиздин тарыхынын бир бөлүгү болуп саналат. Тарыхыбыздан качып эч жакка бара албайбыз, эч жакка батпайбыз. Азыркы убакта унутулуп бара жаткан оюндарды тез аранын ичинде кайра жандандырбасак, эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Бул оюндар кылымдарды карыткан кыргыз элинин менталитетин, тынчтыкты көздүн карегиндей сактап, элине-жерине кол салган душмандардын катыгын берген-адилетүүлүгүн баса көрсөткөн.

Кафедранын иш-кагаздары

"Дене тарбия" кафедрасынын 2016-2020-жылга чейинки стратегиялык планы "Дене тарбия" кафедрасынын 2016-2017-окуу жылына карата иш планы "Дене тарбия" кафедрасынын 2017-2018-окуу жылына карата иш планы Кафедранын 2017-2018- окуу жылынын 1-жарым жылдыгында аткарган ишинин отчету

Смотреть страницу »

Кафедранын иш-чаралары

​2016-2017-окуу жылына карата 2017-2018-окуу жылына карата

Смотреть страницу »

Кафедранын окуу-методикалык иштери

  532000 — Окуу планы Дене тарбия сабагы учурунда. Окутуучу Шааева Т.Н. 2017-2018 окуу жылы. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборуна келген “Дене тарбия” мугалимдерине болгон сабак учуру.

Смотреть страницу »

Профессордук-окутуучулук курам

Бекежанов Мукан Арыстанкулович Мамбетова Махабат Кенжебаевна Мамытбеков Басылбек Токтобекович Чымылдаков Эмилбек Назарбекович Шааева Толгонай Нурпайысовна Өмүрзаков Кубан Токтогулович   Дене тарбия кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын сыйлыктары Дене тарбия кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын спорттогу жетишкендиктери

Смотреть страницу »