Ишмердүүлүгү

Жолугушуунун максаты: Негизги кесиптик билим берүү программаларын иш жүзүнө ашырууда сапатты камсыз кылуу боюнча студенттердин ой-пикирлерин угуу.
Уюштуруучу: Билим берүүнүн сапат бөлүмү
Модератор: ББСБнүн директору п.и.к — И.К.Шерматова
1. Жолугушууга катышкан проректорлор:
• Чолпонбаев Азис Карыбекович
• Омурканов Туратбек Асанбекович
• Асанбаев Ниязбек Мамбеталиевич катышышты

2. Жолугушууга НМУнун 62 лидер студенти катышты.
3. Талкуулоого коюлган окуу- тарбия процессине тиешелүү багыттар

1. НМУда билим берүүнүн сапатынын жетишкендиктери
2. НМУнун окутуучуларынын ишмердүүлүгү жана студенттерге болгон мамилеси
3. НМУнун материалдык-техникалык базасы
4. НМУда студенттердин кесипкөй адис болуусуна тоскоол кылган ички көйгөйлөр
5. Социалдык маселелер
6. Бүтүрүүчү курстардын студенттеринин сунуштары

Жолугушууга студенттер активдүү катышып, жогорудагы көрсөтүлгөн багыттар боюнча көптөгөн суроолорду беришип, эки тараптуу суроо-жооп жакшы денгээлде өттү.
Сүрѳт 1, Сүрѳт 2

  • 2016-жылдын декабрь айынын биринчи декадасында окуу процессинин жыйынтыгын жакшыртуу максатында профессордук-окутуучулук курамдын ишин баалоого багытталган «Окутуучу студенттин көзү менен» электрондук сурамжылоо жүргүзүлдү.

  • 2016-жылдын 24- ноябрында ББСБнүн базасында «Студенттин алгачкы илимий иши» конкурсу болуп өттү.
  • 2015- жыл— Жыл сайын өтүүчү НМУнун Ректорунун студенттер менен жолугушуусу болот. Жолугушуу убактысы: 2015-жылдын 18-декабрында, саат 1500−1700; 401-аудитория. Жолугушуунун максаты: НМУда билим берүү сапатын жакшыртууну башкаруу үчүн бүтүрүүчү курстардын студенттеринин ой-пикирлерин топтоо. Талкуулоого коюлуучу окуу — тарбия процессине тиешелүү багыттар: 1. НМУда билим берүүнүн сапатынын жетишкендиктери; 2. НМУнун окутуучуларынын ишмердүүлүгү жана студенттерге болгон мамилеси; 3. НМУнун материалдык-техникалык базасы; 4. НМУда студенттердин кесипкөй адис болуусуна тоскоол кылган ички проблемалар; 5. Социалдык маселелер; 6. Бүтүрүүчү курстардын студенттеринин сунуштары.

Сүрѳт 1,Сүрѳт 2