Куттуктоолор

  • 2018 – жылдын  17- январында Кыргыз Билим академиясы, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Д 13.16.526 Диссертациялык кеӊеште   Д.Д. Асанбекованын «Болочоктогу физика мугалимдеринин  эмоционалдык компетенттүүлүгүн калыптоонун технологиялары» темадагы 13.00.02 – окутуу жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (физика) адистиги боюнча коргоо болуп өттү. Диссертациялык изилдөөнүн илимий жетекчиси педагогика илимдеринин доктору, профессор Т.М. Сияев.

    Диссертациялык иш «Педагогика жана окутуунун технологиялары» кафедрасында аткарылган.

    Илимий жетекчини жана изилдөөчүнү ийгиликтүү коргоо менен чын ниеттен куттуктайбыз!!!

    Дайыма ийгилик жаратып жүрө бериӊиздер!!!

  • Макеев Арзымкан Касымовичти педагогика илимдеринин кандидаты даражасынын дипломун алышы менен куттуктайбыз!!! Ишиңизде дагы дагы ийгиликтер болуусуна тилектешпиз!!!

 

  • Мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунун директору Эгимбаева Жаңыл Болоткановнаны «Россиянын Табияттаануу академиясынын профессору» илимий наамга ээ болушу, Россиянын Табияттаануу академиясынын «Жогорку билим берүү тармагындагы новатордук эмгеги үчүн» Алтын медалы менен сыйланышы, Россиянын Табияттаануу академиясынын «Илимдин жана билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери» Ардактуу наамы ыйгарылышы менен куттуктайбыз. Ишиңизде ийгиликтерди каайлайбыз!!!

 

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин төмөнкү окутуучуларын :

Педагогика илимдеринин кандидаты

Шерматова Илмира Кубанычбековнаны

Агротехникалык дисциплиналар кафедрасынын” кафедра башчысы,

д.м/а Оторова Сайрагүл Турсуновнаны

”Тарых жана социалдык билим берүү кафедрасынын” доценти

Бектемирова Айнагүл Кашкарбаевнаны

Филология илимдеринин кандидаты

Айдаралиева Айнура Сабыровнаны

”Бухгалтердик эсеп экономика жана менеджмент кафедрасынын” кафедра башчысы

Исраилов Эрик Мукашевичти

Кыргыз Республикасынын улутттук тун гезити “Кыргыз Туусу” газетасынын “ 2016- жылдын мыктысы” сынагынын жыйынтыгы менен Жаштарга сапаттуу билим берүүгө  жана илимдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 

“Жылдын мыктылары”  болуп аныкталгандыгы менен чын дилден куттуктайбыз!

Ардактуу эжелерибизге, агайыбызга иштерине албан ийгилик, чын ден-соолук каалайбыз!

Билим берүүнүн сапат бөлүмү

mykty mykty1

Жаштарга сапаттуу жогорку билим берүүгө жана илимдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Педагогика жана окутуунун технологиялары” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, педагогика илимдеринин кандидаты, Билим берүүнүн сапат бөлүмүнүн жетекчиси Шерматова Илмира Кубанычбековнаны “Кыргыз Туусу” газетасынын “Жылдын мыктылары-2016” конкурсунда “Жылдын мыкты мугалими” болуп аныкталгандыгын Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн кызматкерлери куттуктайт. Катарлаш кирип келген 2017-тоок жылы сизге бакты таалай, үй-бүлөңүзгө  тынчылык, ийгилик алып келген ийгиликтердин  жылы болсун!  Өз өмүрүн келечек муунду тарбиялоого  арнаган ардактуу эжебиздин иштерине ийгилик  каалайбыз!buket

Кыргыз Туусу гезитинин Жаштарга жогорку сапаттагы билим берүүдѳгү жана илимдин ѳнүгүшүнѳ кошкон үзүрлүү эмгектери үчүн  С.Нааматов атындагы экономика кафедрасынын башчысы илимдердин кандидаты Исраилов Эрик Мукашович «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧЕСИ» дипломуна ээ болусу менен С.Нааматов атындагы Нарын мамлекетттик университетинин жалпы коллективи чын жүрѳктѳн куттуктайт! Иштериңизге албан албан ийгилик!

 

Биздин сыймыгыбыз болгон Бекбоева Махабат Амантуровнаны докторлук илимий даража алышы менен Экономика, бизнес жана башкаруу факультетинин жамааты куттуктайт. Иштериңизге ийгилик каалайбыз.

wonderful-bouquets-1024x576