«Конфуций классы»

纳伦国立大学孔子课堂

С.Нааматов атындагы НМУ нун астындагы «Конфуций классы» 2007−2010 жылга чейин «Кытай тили жана маданияты» борбору болуп иштеп келген. 2011-ж Ж. Баласагын атындагы КУУнун астындагы Конфуций институту тарабынан С. Нааматов атындагы НМУ нун астындагы"Конфуций классы" болуп ачылган.

Конфуций классы материалдык- техникалык, жаңы заманбап окуу куралдары менен жылына толукталып студенттерге жана окутуучуларга мыкты шарт түзүлүп турат. Ошондой эле Конфуций классынын окутуучулары жылына Кытайга методика боюнча курска барып турушат. Конфуций классынын студенттери жана курста окуган окуучулары жылына эки жолу HSK-HSKK экзамендерин тапшырып турушат.

Конфуций классынын окуудан тышкары Тайцзичуань, Каллиграфия, улуттук жана заманбап ыр-бий үйрөтүү курсу бар. Курска катышкан студенттер Конфуций институту уюштурган иш-чараларга активдүү катышып байгелүү орундарга ээ болуп турушат.

Учурда С. Нааматов атындагы НМУнун астындагы Конфуций классы Ж. Баласагын атындагы КУУнун астындагы Конфуций институту менен тыгыз иштешип турат.

留学中国 Кытайдагы билим алуу

С. Нааматов атындагы НМУнун астындагы Конфуций классы Ж. Баласагын атындагы КУУнун астындагы Конфуций институту менен бирге, жыл сайын мыкты окуган студенттерди, стипендиялык программанын негизинде:

«Стипендия Правительства Китая»,

«Стипендия института Конфуция»,

«Стипендия Великого Шелкового пути»

Кытайга 1-айлык, 4-айлык, 6- айлык, 12- айлык окуу курстарына жөнөтүп турушат.

Магистердик программанын негизинде бүтүрүүчүлѳр эки жылдык окууга жѳнѳтүлүп турат.

С.Нааматоа атындагы Конфуций классын бүтүп Кытайда магистратурада жана бакалаврда окуган студенттер 2015−2016- окуу жылында Кытайга окууга ѳткѳн студенттер
1. Аскар кызы Чолпон

2. Кожобекова Чынар

3. Сүйүнбек кызы Назик

4. Чоробекова Жыпар

5. Алыбекова Айчүрөк

6. Ниязалиева Салтанат

1. Аянбекова Жаркын

2. Момунова Гүлүм

3. Муктарбек кызы Айзат

4. Сатыбекова Нурай

5. Болотбекова Айсалкын

Конфуций классынын Кытайда окуган жана окуп келген студенттер.

Конфуций классынын эң негизги максаттары.

  • Жаңы инновациялык технологияларды колдонуу менен бирге, студенттерге жана кытай тилин өздөштүрүп жаткан окуучуларга татыктуу билим берүү
  • Конфуций классынын студенттерине- келечекте компетенттүү, профессионалдуу, кытай тилин мыкты билген, дүйнѳлүк аренага чыга турган адистерди даярдоо.
  • Конфуций классынын студенттеринин, билим деңгээлин көтөрүү максатында Кытайга окууга жөнөтүү.
  • Конфуций классынын бүтүрүүчүлөрүнө татыктуу жумуш таап кетүүсүнө көмөк берүү.

Конфуций классынын 2015−2016 окуу жылында аткарган иштери:

«Тилдер кафедрасынын» окутуучулары Болотбекова А. Б жана Жусаева Ф. Ж студенттер менен биргелешип кезектеги жаңы-жылдык майрамдык концерт уюштурушту. Студенттер кытай маданиятынын сырларын ачып, заманбап жана уллуттук ыр-бийлерди тартуулашып окутуучулардын кѳнүлүнѳ толушту

Тарых жана маданият жылына арналган иш чаралар:

«Тилдер» кафедранын окутуучусу Өмүралиева А.А. жана Токторбек кызы Чолпон профессор Мухаммед Ху Чжень Шанын 85-жылдыгына арналган Студенттик илимий практикалык конференция өтүштү. Конференцияга Конфуций классынын студенттери катышып, көптөгөн кызыктуу докладтар окулуп, кызуу талкуу жүрдү.

«Тилдер кафедрасынын» окутуучусу Жээналиева А.Т. Жусуп Баласагын жана кут алчу билим дастаны боюнча Кит-12 тайпасына кураторлук саат өттү. Студеттер активдүү катышып Жусуп Баласагын жана кут алчу билим дастаны боюнча өз ойлору менен бѳлүшүп, кураторлук саат өз максатына жетти.

«Конфуций классынын» окутуучулары, волонтерлор жана Кит-12 тайпасынын студеттери менен 13.05.16−21.05.2016 күндөрү Нарын, АТ-Башы райондорунун жана Нарын шаарынын айрым мектептерине барып, Кытай тилин жана маданиятын жайылтуу максатында профориентациялык иш жүргүзүштү.

月饼 (yue bing) майрамы

Тайцзишань Кит-12 тайпасынын студенттери
Мухаммед Ху Чжень Шанын 85-жыдыгына арналган Студенттик илимий практикалык конференция

Жусуп Баласагын жана кут алчу билим дастаны боюнча кураторлук саат.
«Конфуций классынын» окутуучулары, волонтерлор жана Кит-12 тайпасынын студеттеринин 2015−2016 окуу жылындагы (13.05.16−21.05.2016) Нарын, АТ-Башы райондорунун жана Нарын шаарынын айрым мектептерине барып, Кытай тилин жана маданиятын жайылтуу максатындагы профориентациялык иши.