Кафедранын окуу-методикалык иштери

Кафедрада практикалык жана лабораториялык сабактарды өтүүгө атайын лабораториялар жасалгаланган: профессор, э.и.д. Мукаш Исраилов атындагы «Окуу- методикалык кабинет» жана «Бухгалтердик эсеп», 1С бухгалтерия лабораториясы, финансы жана кредит кабинети, 2 компьютердик класс, 3 проектор менен жабдылган аудиториялар.

Кафедрада өтүлүүчү сабактар боюнча окуу программалары (силлабус), электрондук окуу-методикалык комплекстер жана атайын колдонмолор иштелип чыккан жана окуу процессинде кеңири колдонууда. Кафедра заманбап компьютерлер менен жабдылган жана ИНТЕРНЕТ байланышы аркылуу дүйнөлүк аренага чыгууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

2015-жылы э.и.д. Омуралиева Д.К., э.и.к. Нуралиева Н.М. илимге кошкон салымы үчүн Россия Федерациясынын Табият таануу академиясынын профессору наамын алышкан. 2017-жылы Нуралиева Н.М. илимий изилдөө ишин улантуу менен «Кыргызстандын айыл чарбасынын экономикасы» аттуу темада профессор Абдымаликов К., Жумабаев Ж., Нургазиев М. менен биргелешкен окуу китебин чыгарган.

2017-жылы кафедранын окутуучусу Д.О. Бекированын «Каржылык эсеп» сабагынан окуу-методикалык куралы иштелип чыгып, жарык көргөн.

2018-жылы Бекирова Д.О., Койчуманова И.Т. «Микроэкономика» дисциплинасы боюнча окуу-методикалык комплексти иштеп чыгып, окуу процессинде кеӊири колдонууда.

Окутуучулук-профессордук курамдын мүчөлөрү окутуп жаткан предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди, типтүү жана жумушчу жумушчу программаларды иштеп чыгышкан.

Студенттердин дипломдук, магистранттардын диссертациялык иштеринин темалары иштелип чыккан. Предметтер боюнча лекциялардын электрондук варианттары, электрондук окуу куралдары даярдалып жатат.