↑ Вернуться: Проекты ERASMUS

HONOR

 

 

 

 

www.honorproject.eu

Улуттук уюштуруучулук реформанын жогорку максаттары

(HONOR)

High Objectives of National Organizational Reform (HONOR)

Высокие цели национальных организационных реформ

(HONOR)

Өнөктөштөр:

  1. Барселона университети (Испания) — Координатор (Грант алуучу)
  2. Словакия агрардык университети (Словакия)
  3. Мамлекеттик башкаруу академиясы (Франция)
  4. Шиаулиай университети (Литва)
  5. КР Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы (Кыргызстан) – улуттук координатор
  6. Кыргыз улуттук университети (Кыргызстан)
  7. Нарын мамлекеттик университети (Кыргызстан)
  8. Ыссык-Көл мамлекеттик университети (Кыргызстан)
  9. ЕдНет ассоциациясы (Кыргызстан)

Долбоордун убактысы:

15-октябрь 2012-жылдан — 14-октябрь 2015-жылга чейин

Долбоордун негизги максаты:

Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн натыйжалуу системаны иштеп чыгуу.

Долбоордун милдеттери:

Мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн мамлекеттик секторду башкарууну жана айкындык принциптерин, этика жана демократияны өнүктүрүүнү жакшыртуучу жаңы окуу системасын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу.

Долбоордун өзгөчө милдеттери:

Мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн башкаруу боюнча түрдүү темаларды (Парламенттик ишти уюштуруу, Адам ресурстары жана жарандык коомду башкаруу, коррупция менен күрөшүү ж.б.) камтыган тренинг курстарын жана дистанттык окутууну уюштуруу.

Жумушчу пакеттердин тизмеси:

1: Башкаруудагы компетенциялардын картасын түзүү

2: Мамлекеттик кызмат институтунун дистанттык билим берүү жана ресурстук борборун түзүү

3: Окутуу программаларын ишке ашыруу

4: HONORду таркатуу стратегиясы

5: Долбоорду башкаруу

6: HONORдун сапатты башкаруу системасы

7: HONORдун туруктуулук стратегиясы

Күтүлүүчү натыйжалар:

— Кыргыз ЖОЖдорунда мамлекеттик саясатты башкаруунун жаңы ыкмалары боюнча тренерлерди даярдоо

— Эл аралык тажрыйбанын негизинде квалификацияны жогорулатуу боюнча окуу материалдар, модулдар жана курстар иштелип чыгат

— Практикалык проблемаларды чечүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин максатту тобун окутуу. Натыйжалуу иштелип чыккан система долбоор аяктагандан кийин да улантыла бермекчи

— Окуу материалдарын басмаканадан чыгаруу жана таркатуу

— Дистанттык окутуу институтун түзүү университетке келе албаган мамлекеттик кызматкерлердин окушуна шарт түзөт.

НМУдагы HONOR командасы:

  • Эрмек Байбагышов – долбоордун координатору
  • Айгүл Сарбагышова – тренер
  • Айзат Ырыскелдиева – тренер
  • Гүлзат Супатаева — тренер
  • Бурул Айдарова — тренер
  • Махабат Бекбоева — тренер
  • Кубат Асан уулу — тренер
  • Марлис Бекежанов – ИТ адис
  • Калыс Токтомамбетов – ИТ адис