Мугалимдердин кесибин жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо борбору

Борбордун директору Бусурманкулова Жаныл Абдимуталиповна

Мугалимдердин билимин жогорулатуу Борбору 1996-жылы областтык билим берүү башкармалыгынын карамагынан бөлүнүп НМУнун структуралык бөлүмү катары түзүлүп, НМУнун алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо Борбору болуп аталган.

Борбордун иш аткаруу максаты: педагогикалык кызматкерлердин профессионалдык билимдерин, компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу.

Негизги милдеттери:

— региондогу билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;

— педагогикалык жана психологиялык багыттагы инновациялык ыкмаларды, окутуп жаткан предмети боюнча жаңыланууларды, ошондой эле окуу программаларындагы өзгөрүүлөр менен тааныштырып туруу;

— алдыңкы педагогикалык иш тажрыйбаларды жайылтуу жана пропагандалоо;

— жаңы педагогикалык билимдерди жана окуу каражаттарын жайылтуу

— басма сөз маалыматтары аркылуу макалаларды жарыялоо;

Борбордун кызматкерлери семинар-тренингдерге үзгүлтүксүз катышышып, заманбап билим берүүдөгү жаңылануу багытында Азия өнүктүрүү Банкы тарабынан окутулуп жаткан «Куррикулум», (USAID) «Сапаттуу билим» долбоору менен бирдикте иш алып барышып, облустун мугалимдеринин билим берүүдө жаңыча иш алып барууларына салымдарын кошуп жатышат жана өЭУ (өкмөттүк эмес уюмдар) «Баястан», «Ала-Тоо өнүктүрүү» борбору, GIZ (Германия эл аралык программасы) Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги жана башка уюмдар менен тыгыз байланышта иштешүүдө.

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен акыркы моделдеги 12 компьютер комплектиси, лингофондук кабинет, акылдуу такта жана башка окуу процессине пайдаланыла турган электрондук-техникалык каражаттары, (USAID) «Сапаттуу билим» долбоору тарабынан техникалык окуу каражаттары, GIZ тарабынан лабораториялык жабдуулар берилген.

Борбор мектеп программасына ылайык бир окуу жылында 36 предмет боюнча 720 дан ашык педагог-мугалимдердин билимдерин жогорулатып, маалыматтык технологияларды колдонуу менен инновациялык кайра даярдоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатат. Курстун угуучуларына теория менен практиканы айкалыштырып, учурдагы педагогика — психологиянын алдыңкы жетишкендиктери менен таанышууга, окутуунун инновациялык технологияларын үйрөнүүгө жана окутуп- үйрөтүүдөгү көйгөйлөрдү чече билүүнүн жолдорун аныктоого, балдарды окутуп -тарбиялоо методикасын окуп үйрөнүп, өз билим деңгээлдерин жогорулата алышына шарт түзүп келет. Курстарга лекцияларды НГУнун педагогикалык багыттагы кафедраларынын окутуучулары, Борбордун методикалык кабинеттеринин методисттери, мектептердин алдыңкы мугалимдери тренингдерди жана презентацияларды өткөрүп турушат.

Борбордун стратегиялык иштеринин багыты: ар бир предмет боюнча мугалимдердин, мектепке чейинки балдар мекемелеринин тарбиячыларынын, китепканачылардын, мектеп директорлорунун, директордун орун басарларынын (окуу завучтары, тарбия завучтары) кесибин жогорулатуу, усулдук жардам берүүнү жаңы инновациялык багытта жүргүзүү.