Карьера борбору

Борбордун негизги максаты- студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн карьералык өсүүсүнө көмөктөшүү, жогорку сапатагы карьераны пландоо жана өстүрүү максатындагы ар кыл программаларды, кызматтарды колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн КБ тарабынан көптөгөн иш-чаралар аткарылып келүүдө.

Мисалга: Узгүлтүксүз «Чексиз ийгилик» деген аталыштагы семинар, тренингдер студенттердин ар тараптууөнүгүүсүн колдоо иретинде Нарын шаарында иш жүргүзгөн мекемелердин башчылары жана кесипкөйлөр чакырылып: Бизнес, социалдык проектти жазуу жана башкаруу; Лидерлик сапатты өстүрүү; жолдомо кат жазуу жана башка темадагы тренингдерин сунуштайт. Практика көрсөткөндөй, бул иш-чара жалгыз гана тренинг менен чектелбестен, потенциалдуу иш берүүчүлөргө студенттерди волонтерлукка, стажерлукка чакырып кийин иш менен камсыз болуп калуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

КБ профессионалдык багыт берүү жана студенттердин, бүтүрүүчүлөрдүн карьерасын пландоо боюнча консультацияларды берет, бул ар кандай долбоорлорго катышуу жана карьерасын багытоо, эмгек рыногунун маселелерин жана самомаркетинг инструменттерин колдонуу маселелери. Студентердин тобу Startupweekend, бизнесинди 54 саат ичинде түзүп ал проектисине катышып, инвесторлордун алдына презентация кылганга пропуск алды.

Кесипкөй багыт берүү максатында, университеттин шарттары, кабыл алуу шарттары менен мектеп бүтүрүүчүлөрүн, ата-энелерди тааныштыруу, ачык эшиктер күнү бир нече этаптан туруп өткөрүлөт: факультеттерге экскурсия, предметтик олимпиадалар, бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу, кыска мөөнөтүү тренингдер. Жумуш берүүчүлөр, студенттер, ата-энелер жана НМУ кызматташтык көпүрөсүн бекемдөө максатында тегерек столдор өткөрүлүп келет. Мисалга: «Бүгүнкү күндүн компетенттүү адисин даярдоо», «Заманбап адис», «Программа стажировок», «Кредиты на образование» деген аталыштагы ой бөлүшүү, талкуулар СМИнин жардамы менен Нарын облусунун жарандарына кенири чагылдырылып турат. Үзгүлтүксүз резюме жазуу консултацияларын берүүнүн жыйынтыгында студенттердин, бүтүрүүчүлөрдүн резюмелеринин банкы түзүлүүдө жана жаныланууда.

Ар бир факультетте өткөн «Жумуш издөө жолдору» темасындагы жолугушуулар студентердин көйгөйүн түшүнүү жана канааттандыруу максатын көздөгөн.

Ак жол сага бүтүрүүчү!

nsu@ktnet.kg (3522) 50 814