↑ Вернуться: Борборлор

Билим берүүнүн сапат менеджмент борбору

Негизги максаты: Жогорку кесиптик билим берүүнүн  сапатын кардарлардын кызыкчылыгын эске алуу менен жакшыртууга  көмөк көргөзүү.

Борбордун курамы


Борбордун директору: Шерматова Илмира Кубанычбековна — педагогика илимдеринин кандидаты, д.м.а.
Борбордун менеджери: Сатыбекова Айзада –экономика жана башкаруу боюнча магистр
Борбордун методисти: Абдылдаева Жазгүл

2009-жылы С.Нааматов атындагы НМУнун ректорунун приказы менен Билим берүүнүн сапат менеджмент борбору түзүлгөн жана университеттин структуралык бөлүмү болуп саналат.

Борбор 2009-жылдан  бери  НМУнун профессордук- окутуучулук курамы үчүн жана Нарын областынын билим берүү мекемелеринин мугалимдери, тарбиячылары үчүн сапат менеджментинин принциптерин,  методдорун ишке ашыруу үчүн  лекцияларды, семинарларды, консультацияларды, конкурстарды, билимин  өркүндөтүү курстарын уюштуруп келет.

Билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында НМУнун кызматкерлери үчүн семинарларды, тренингдерди, тегерек столдорду үзгүлтүксүз өткөрөт. Студенттердин алган билимдерин тереңдетип,керектүү компетенцияларга ээ болуу максатында алар үчүн семинарларды өткөрүп,  конкурстарды жарыялап,  жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып, студенттердин илимге- билимге болгон кызыгуусун шарттоодо.

manitoring3-300x231 manitoring2-300x165

 

 

 

 

 

 

 

НМУда окуунун билим сапатын жакшыртууга  көмөк көргөзүү максатында студенттеринин, иш берүүчүлөрдүн, окутуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, профессордук-окутуучулук курамдын рейтингин чыгаруу боюнча инструментарийлерди иштеп чыгып, алынган анкеталардын жыйынтыгын ректорго, проректорлорго сунуштайт.

НМУда жогорку кесиптик билим берүүнү өзгөртүүдө  чет элдик тажрыйбаларды колдонууну шарттоо максатында борбор уюшулган күндөн тартып эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта иштеп келет. Окутуучулардын кесиптик деңгээлдерин өнүктүрүү багытында С. Нааматов атындагы НМУнун алдындагы  «Билим берүүнүн сапат менеджмент борбору» 2012- жылдын январь айынан (ББСМБ ) «Болон процесси» боюнча семинарларды системалуу түрдө уюштуруп келет. С. Нааматов атындагы НМУда «Ednet» билим үү мекемелеринин ассоциациясы тарабынан окутулуп,  даярдалган ,тренерлик сертификатка ээ 24 тренер бар. 2011-2012- окуу жылынын ноябрь айынан баштап ББСМБнун базасында «Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмү» боюнча семинарлардын тематикалары аныкталып, теориялык жактан даярдыктар жүрүп, семинарлардын мазмундары интерактивдүү методдорду  колдонуу менен иштелип чыкты. Бул семинарларды 2012-жылы январь айында «Билим берүүнүн сапат менеджменти борборунун» базасында атайын түзүлгөн график боюнча тренерлер командасы 72 сааттык билимди жогорулатуучу окуу курсу катары өткөрүштү. 2012- окуу жылдан С.Нааматов атындагы НМУнун ББСМБнун базасында «Болон процессин кантип киргизүү керек», принциптерине кандайча таянуу зарыл , кредиттик технологияны уюштуруунун  ой-кырлары,студенттин өз-алдынча иштерин уюштуруунун жолдору ж.б. көптөгөн суроолорго жооп алуу максатында семинарлар үзгүлтүксүз уюштурулду. Бул семинарларды уюштурууда «Ала-Тоо өнүктүрүү» фонду , EdNet ассоциасиясы кызматташ болушту.

2013-жылдын 25-октябрында  Бириккен улуттар уюмунун секретары  Пан Ги  Мундун ассистенти  Джуди Ченк-Хопкинс айым  Нарын областына келип,  С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары, студенттери менен жолугушуу  өткөрдү.

ТЕМПУС проектисинин алкагындагы конференция

ТЕМПУС проектисинин алкагындагы конференция

 Болон процесси боюнча иш тажрыйба алмашуу . Талас шаары

Болон процесси боюнча иш тажрыйба алмашуу . Талас шаары

Кредиттик технология боюнча өтүлүп жаткан семинар

Кредиттик технология боюнча өтүлүп жаткан семинар

trening-300x199

Чет өлкөлүк профессорлор НМУда

Анкета

Анкета-отзыв на проведенный семинар Нарын шаарындагы мекеме жетекчилер арасында жүргүзүлгөн анкетанын жыйынтыгы.

Смотреть страницу »

Ишмердүүлүгү

Педагогикалык илимий – изилдөө лабораториясы ачылды C.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Билим берүүнүн сапаты” бөлүмүндө “Студенттин өз алдынча илимий иши”аттуу  конкурсу болуп ѳттү. 2017- жыл- 2017-жылдын 3-мартында, жыл сайын өтүлүүчү НМУнун проректорлору студенттер менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты: Негизги кесиптик билим берүү программаларын иш жүзүнө ашырууда сапатты камсыз кылуу боюнча студенттердин ой-пикирлерин угуу. Уюштуруучу: …

Смотреть страницу »

Кесиптик квалификацияны жогорулатуучу курстар

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2009-жылдан бери  Билим берүүнүн сапат бөлүмүнүн базасында  өткөрүлүп келе жаткан кесиптик квалификацияны жогорулатуучу курстар 2016-2017-окуу жылы 2015-2016-окуу жылы 2014-2015-окуу жылында 2012-2013-окуу жылы 2011-2012-окуу жылы 2010-2011-окуу жылы   2009-2010-окуу жылы- НМУнун профессордук окутуучулук курамынын кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн кышкы каникул күндөрүн эффективдүү колдонуу максатында НМУнун ректорунун № 01-12/114 буйругунун негизинде Билим берүүнүн сапат менеджмент …

Смотреть страницу »

семинар тренинигдер

Университеттин окутуучуларынын кесиптик потенциалын жогорулатуу жана Борбордук Азия университети менен кызматташтыкты өркүндөтүү максатында, Ага Хандын “Адам таануу” долбоору тарабынан уюштурулган семинар-тренинг НМУнун Билим берүүнүн сапат менеджменти бөлүмүнүн базасында 3-7-декабрда уюштурулду. НМУнун 22 окутуучусу семинарга чыгармачылык менен катышты. 2015-жыл- “Педагогикалык компетенттүүлүк. Билим берүүнүн сапатын жакшыртууну башкаруунун жолдору жана механизмдери ” 2016- жыл- “Педагогикалык компетенттүүлүк. Билим берүүнүн …

Смотреть страницу »

СРС боюнча

C.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Билим берүүнүн сапаты” бөлүмүндө “Студенттин өз алдынча илимий иши”аттуу  конкурсу болуп ѳттү. Бул конкурс аталган университетте   27 чи – жолу  ѳткѳрүлүп жатат. Конкурска Агрардык техникалык, Экономика бизнес жана башкаруу, Педагогика, Филология   факультеттеринин  жана Нарын педагогикалык колледжи менен Нарын агрардык экономикалык колледжинин студенттери катышышты. Конкурстун негизги максаты: ·Студенттерге өз алдынча илимий …

Смотреть страницу »

“Студенттин өз алдынча илимий иши”аттуу  конкурсу

           C.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Билим берүүнүн сапаты” бөлүмүндө “Студенттин өз алдынча илимий иши”аттуу  конкурсу болуп ѳттү. Бул конкурс аталган университетте   27 чи – жолу  ѳткѳрүлүп жатат. Конкурска Агрардык техникалык, Экономика бизнес жана башкаруу, Педагогика, Филология   факультеттеринин  жана Нарын педагогикалык колледжи менен Нарын агрардык экономикалык колледжинин студенттери катышышты. Конкурстун негизги …

Смотреть страницу »