Окуу башкармалыгы

Касымова Гүлжамал Абдиловна — педагогика илимдеринин кандидаты

окуу башкармалыгынын башчысы

Окуу башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде, билим берүү программаларын ишке ашыруу (реализация) боюнча окуу процессин уюштурууну жана башкарууну камсыздоо боюнча НМУнун структуралык бөлүмү болуп эсептелет.

Окуу башкармалыгы НМУдагы структуралык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында 2008-жылы уюшулган. Уюшулгандан бери окуу башкармалыгын биология илимдеринин кандидаты Т. Атанаев, филология илимдеринин кандидаты А. Чолпонбаев, техника илимдеринин кандидаты К. Дюшекеев жана педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Д.М. Ажыбаев жетектеп келишкен. Азыркы учурда окуу башкармалыгын педагогика илимдеринин кандидаты Г. А. Касымова жетектейт.

Окуу башкармалыгынын негизги максаттары катары окуу процессин салттык жана кредиттик технологиянын негизинде окуу процесин уюштуруу, аны координациялоо жана факультеттердин, кафедралардын окуу ишмердүүлүгүн эффективдүү уюштурулушун көзөмөлдөө болуп эсептелет. Бөлүм төмөндөгүдөй багыттар боюнча иштерди алып барат:

  • окуу процессин уюштуруу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу жана камсыздоо;
  • окуу процессин пландоо, уюштуруу, контролдоо жана анализдөө;
  • кафедралар, факультеттер менен биргеликте окуу пландарын, окуу процессин уюштуруу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу;
  • окуу процесси жана билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча отчетторду түзүү;
  • университеттин профессордук-окутуучулук курамынын окуу жүктөмдөрүн пландоону жана алардын факт жүзүндө аткарылышын көзөмөлдөө;
  • факультет, кафедралар менен биргеликте студенттердин жетишүүсүн каттоо жана анализдөө, мониторинг жүргүзүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу;
  • маалыматтык технологияларды окуу процессине киргизүү;
  • студенттердин кыймылына байланышкан документтерди өз убагында жана туура түзүү;
  • билим берүү программалары боюнча лицензия алуу, аттестациядан (аккредитация) өткөрүү боюнча документацияларды даярдоодогу иш аракеттерди уюштуруу
  • мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча керектүү документацияларды кафедра, факультеттер менен биргеликте даярдоо.