↑ Вернуться: Бөлүмдөр

Кадрлар бөлүмү

IMG_0037Бөлүм башчы- Акматалиева Майрамбүбү Акматалиевна

Нарын мамлекеттик университети уюшулгандан берки 18 жыл ичинде жогорку квалификациалуу профессордук–окутуучулук курам  такшалып чыгып студенттерге татыктуу билим берүүдө.

1996-жылы НМУда  22 окутуучу анын ичинен  7  илимдин кандидаты,     болсо, бүгүн 40 илимдин кандидаты, 5 доктору, 35 ага окутуучу, 18 доцент, 3 профессор, 1   Россиянын табигый илимдер Академиясынын профессору  эмгектенишүүдө.

Бүгүнкү күндө сыймыктанып белгилөөчү нерсе окуу жайдын 57 бүтүрүүчүсү окутуучулук кызматты ийгиликтүү аркалап университеттин өзүндө эмгектенишүүдө.

НМУнун эмгек жамаатында1кызматкер Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак Грамотасынын», 1 «Ардак белгиси» орденинин 3 Манас -1000 медалынын, 21 «Билим берүүнүн мыктысы» 43 Кыргыз Өкмөтүнүн Нарын обулустук өкүлчүлүгүнүн «Ардак Грамотасынын», 5 Нарын обулусунун, Нарын шаарынын, Нарын районунун  «Ардактуу Атуулу» деген наамдын ээлери.