Маалыматтык технологиялар бөлүмү

Максаты, аткарылуучу маселелери жана ишмердигинин багыттары:

  • Окуу процессинин сапатын жогорулатууда жана анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында окутуунун техникалык каражаттары менен камсыз кылуу жана функционалдык ишти жүргүзүү технологиясын өркүндөтүү жана жабдыктарды модернизациялоо боюнча сунуштарды даярдайт.
  • Керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн техникалык тапшырмаларды даярдайт, өзүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча ар кандай иштерди өткөрүү жана кызмат көрсөтүү.
  • Кайрадан колдонууга түшкөн техникалык каражаттарды кабыл алат, даярдайт жана ишке киргизет.
  • Университеттин колдонуучуларын мультимедиалык техника менен иштөө боюнча консультация берүү иштерин жүргүзөт.
  • Окуу процессинде жана ар кандай иш- чаралырды өткөрүүдө колдонулган жабдыктардын техникалык абалынын мониторингин жүргүзөт жана бузулган жерлерин оңдойт.
  • Мультимедиа комплекстеринин түзүмдөрүн туташтырат жана модернизациялайт.
  • Университеттин башка тутумдук бөлүктөрүнөн түшкөн муктаждыктарга жараша локалдык жана глобалдык тутумда видеотрансляция өткөрөт, видеоконференциялык байланыш курамынын каражаттары менен видео жана ошондой эле аудио жаздырууларды жүргүзөт.
  • «Ирбис» маалыматтык системасын коштоп туруу.
  • Web-сайт иштеп чыгуу жана жаңы маалыматтар менен сайтты камсыздап жана аларды коргоону камсыз кылат.
  • НМУнун бөлүмдөрүн эсептөө каражаттары, бирдиктүү локалдык компьютердик тутумду уюштурууга жана телекоммуникация үчүн керектелүүчү жабдыктар менен камсыз кылуу.
  • ЭВМ жана анын жабдыктары менен иштөөнүн тиешелүү шарттарын түзүп берүү, анын бузулган жерлерин өз убагында табуу жана калыбына келтирүү.
  • Администрациянын кызматкерлеринин компьютердик сабаттуулугу боюнча аттестация уюштуруу.
  • Окутуунун бардык формасында, окутуунун электрондук технологиясын жана компьютердик тестирлөөнүн технологиясын колдонуунун жолун жана методикасын иштеп чыгат.
  • Университеттин кафедралары менен башка бөлүмдөрүн окуу процессине электрондук окутуу технологиясын жана компьютердик тестирлөөнү киргизүү боюнча карым-катнашты түзүү.
  • Электрондук окутуу процессин уюштурууда жана компьютердик тестирлөө технологиясын колдонууда окутуучулар менен студенттердин ишмердүүлүгүн координациялоо, электрондук формасын уюштурууда инновациялык тажрыйбаларды жалпылоо жана жайылтуу.
  • Тесттик сыноолорду өткөрүү үчүн компьютердик класстардын иштөөсүн камсыз кылуу.
  • Электрондук окуу процессин техникалык жактан коштоп туруу, дистанттык окуутууну интернет түйүнүндө жетектөө.
  • Окутуу ишмердүүлүгүнүн камсыз болуусуна анализ жүргүзүү жана окуу процессине маалымат системасын жана программдык каражаттарды киргизүү.

Турдиев Бексултан Мурзаалиевич — бөлүмдүн башчысы;