Студенттик кадрлар бөлүмү

Студенттик кадрлар бөлүмү 1997- жылы негизделген. Студенттик кадрлар бөлүмү Окуу башкармалыгынын бир бөлүмү болуп саналат. Бөлүмдө бөлүм башчы Ж.К.Абдыракманова, ага инспектор Д. Асырканова жана архивариус А. Ыбышова эмгектенет. Окутуунун бардык формаларындагы студенттердин өздүк көктөмөлөрүн жүргүзөт, бардык категориядагы студенттердин персоналдык, статистикалык эсебин жана студенттердин контингентинин кыймылы боюнча буйруктарды өз убагында жана туура тариздөөсүнө көзөмөл кылат. Университеттин студенттеринин аскердик каттосу боюнча ишти жүргүзөт, жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча студенттерди жана жарандарды кабыл алат. Мамлекеттик бүтүрүү аттестациясына киргизүүгө уруксат берилиши жөнүндө документтерди, студенттердин которулуу жана окууну кайра улантуу жөнүндө арыздарын карайт. Бүтүрүүчулөргө жана өткөн жылдары окуудан чыгарылган студенттерге документтерин, башка ЖОЖдор үчүн сурам- каттарды, Нарын мамлекеттик университетин бүтүргөндүгү тууралуу, аскер комиссариаты үчүн, башка башкармалыктардын сурамдары боюнча студенттер жөнүндө маалымкаттарды берет. Нарын мамлекеттик университетинин алдында архив жетектелет, ар бир студенттик өздүк көктөмөсү, иш кагаздары сакталат.

Абдрахманова Жылдыз Кыдыргычовна — бөлүмдүн башчысы;