Окуу бөлүмү

Окуу бөлүмү университеттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө методикалык жардам көрсөтөт жана анын негизги ишмердигинин багыты төмөнкүлөр:

Окуу процессин усулдук камсыз кылуу боюнча иш-кагаздарынын жүргүзүлүшүн уюштуруу;

Окуу жүгүртмөлөрүнүн түзүлүшүн жана аудиториялык фондду эффективдүү колдонулушун координациялоо;

Окуу процессиндеги студенттердин ишинин үлүшүн жогорулатуу менен уюштуруу боюнча окуу процессин пландоо үчүн убакыттын ченемдерин аныктоо;

Билим берүү процессин жөнгө салуучу ички ЖОЖдук нормативдик-усулдук документацияларды иштеп чыгуу.

Кайрадан ачылуучу негизги жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын лицензиялоо процедураларын, ошондой эле лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо процедураларын жождун ишмердүүлүгүн комплекстүү баалоонун чегинде уюштуруу жана усулдук коштоо;

КР Билим берүү жана илим министрлигине ар жыл сайын маалыматтык отчет (жождун рейтинги, жожду аккредитациялоо) үчүн маалымат даярдоо;

Илимий-усулдук кеңештин ишин пландоо, анын аткарылышын көзөмөлдөө;

Окуу куралдарын чыгаруунун жылдык планын түзүүгө катышуу;

Факультеттердеги окуу-усулдук комиссиялардын иши жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө чогултуу, алардын ишмердигин жетектөө;

Кафедра менен бирдикте мекемелер жана ишканалар менен практикалардан өтүүгө келишимдерди түзүү;

Окуу пландарын иштеп чыгуу боюнча ишти уюштуруу;

Окуу пландарынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына, КР билим берүү жана илим министрлигинин сунуштарына, Окумуштуулар кеңешинин бардык окутуунун формасындагы бардык адистиктер жана багыттар боюнча чечимдерине ылайык иштелип чыгышына көзөмөл жүргүзүү;

Окуу жылындагы жумушчу окуу пландарынын аткарылышын учурда көзөмөлдөө;

Окуу жүгүртмөсүнүн түзүлүшүн жана аудиториялык фонддун эффективдүү колдонулушун көзөмөлдөө;

Окуу жүгүртмөлөрү боюнча маалыматтарды алмашуу процессин көзөмөлдөө;

Штаттык бирдиктердин жана профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмдөрүнүн бөлүштүрүлүшүнө жана кафедралардын бекитилген окуу пландарына, убакыттын ченемине, окутуучунун окуу жүктөмүнүн жылдык өлчөмүнө ылайык сааттык төлөмдөгү фондуна көзөмөл жүргүзүүгө;

Окутуучулардын жеке пландарындагы окуу иштерин пландоого учурдагы көзөмөл кылуу жана анын аткарылышына жыйынтыктоочу көзөмөл жүргүзүү;

Окуу пландарындагы дисциплиналардын окуу жана окуу-усулдук адабияттар менен камсыз болуусун көзөмөлдөө жана анализдөө;

НМУдагы окуу-усулдук адабияттардын чыгарылышына көзөмөл жүргүзүү;

Жалпы комплекстүү баалоонун чегинде жожду жана кээ бир адистиктерди өздүк текшерүүгө документтердин даярдыгына көзөмөл жүргүзүү;

Жаңы адистиктерди лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо боюнча материалдарга көзөмөл жүргүзүү;

Деканаттардын жана кафедралардын окуу-усулдук ишмердиги боюнча аткарылыш тартибине көзөмөл жүргүзүү;

КР билим берүү тармагындагы нормативдик документациялардын өзгөртүүлөрүнө көңүл буруу;

Окуу пландарынын түзүлүшү жана аткарылышы боюнча суроолор боюнча кафедра башчыларына жана окуу-жардамчы персоналдарга кеңеш берүү;

Педагогикалык жүктөмдөрдү бөлүштүрүүдө нормативдик документацияларды колдонуу боюнча кафедра башчыларына, деканаттын кызматкерлерине кеңеш берүү;

Адистиктерди аттестациялоо, өздүк текшерүү боюнча кафедра башчыларына кеңеш берүү;

Усулдук комплекстерди түзүү боюнча кафедра башчыларына кеңеш берүү;

Окуу процессиндеги кафедралардын штаттык расписаниесиндеги жүктөмдөр, сааттык төлөмдөгү фонд, окуу планы боюнча мааламаттарды анализдөө жана берүү;

Окуу жүгүртмөсүнүн сапатын анализдөө;

Китепкана, кафедра менен бирдикте окуу пландарындагы дисциплиналардын окуу адабияттар менен камсыз болуусун анализдөө

Усубалиева Жылдыз Жекиновна — башкы адис;