С. НААМАТОВ АТЫНДАГЫ НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ 2019−2020-ОКУУ ЖЫЛЫНА АЛГАЧКЫ СТУДЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн, 2019-жылдын 11-июлунда, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Таштанбек Моңолдорович Сияев, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 1-турдун жүрүшүндө ар түрдүү багыттарга бюджеттик негизде окуу үчүн талондорун таштап, натыйжада алдыңкы орундарды ээлеп, окууга кабыл алууга сунушталган абитуриенттер менен жолугушуу жасады. 1-турдун жүрүшүндө бардыгы болуп 52 абитуриент бюджеттик негизде окуу үчүн талон ташташкан. 10-июль күнү саат 14:00дө атайын үкөктөр ачылып, гранттык комиссия тарабынан каралып-талданган соң, алардын ичинен 34 абитуриент окуу үчүн кабыл алууга сунушталган. Бул жалпы бюджеттик орундардын 48%ын түзөт.

Ректор Т.М.Сияев жолугушуу учурунда окуу үчүн кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин келечектеги турмушуна, окуусуна, иштерине ийгиликтерди каалады жана мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн, баллы жогору абитуриенттерге китептерди белекке тапшырды. Абитуриенттер дагы өз тилектери, кыялдары менен бөлүшүп, келечекте ким болгусу келери, эмне иш кылууну каалашары жөнүндө айтып беришти. Маектешүү ачык-айкындык кырдаалында, толук бири-бирин түшүнүү менен өттү.

Ошентип, 2019-жылдын 11-июлунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2019−2020-окуу жылына карата өзүнүн алгачкы студенттерин кабыл алып, алардын келечектеги окуусу ийгиликтүү болушуна тилектештигин билдирип, эң кызыктуу студенттик күндөргө карай жолун ачты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *