27-май Китепкана күнү

Китептердин дүйнөсүндө миңдеген,

Ким сүйлөсө суроо калбас билбеген.

Китепкана мисир тутаар ыйык жай,

Билим үйү, акыл кошуп кел деген.

Ж.Саалаев

Китеп — адамзаттын улуу кенчи. Ошондуктан маалыматтар заманында дагы китеп руханий тарбия берүүнүн, инсанды калыптандыруунун каражаты катары кызмат өтөп жатат. Ал эми китепканалар адам баласынын жүрөгүнүн жылуулугун сактап, мезгилдин, муундардын байланышын камсыз кылууда. Келечек муундарды маалымат ресурстары менен камсыз кылып, аларды руханий жактан байытууда суверендүү өлкөбүздө заманбап китепканалар иштеп, мамлекетибиздин экономикасын, маданиятын өркүндөтүүгө өз салымын кошууга көмөктөш болуп келет. Урматтуу кесиптештер, сиздерди 27-май «Китепкана күнү» менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, үзүрлүү талыкпаган эмгектериңиздерден баар таап чың ден соолук, бакубатчылык жана ишиңиздерге ийгилик каалайбыз. Урматтоом менен, НМУнун илимий китепканасынын директору Кыдыралиева Г. А.

Добавить комментарий для Аноним Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *