Архив по категории: Жанылыктар

Мар 13

Индия элинин «Маданият кербени» Нарында

2019-жылдын 11-мартында Индиянын Кыргызстандагы элчилиги «Маданият кербени» менен Нарын шаарында болду. Ага Индиянын Кыргызстандагы элчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана Нарын шаарынын билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.  «Маданият кербени» Махатма Гандинин 150 жылдыгын белгилөөгө арналып, индус элинин маданий мурасы болгон йога, медитация, индия бийи, индус …

Читать далее »

Фев 26

НМУда «Ден соолукту чындоо» күнү

2019-жылдын 23-февралында Нарын шаарынын тоо лыжа базасында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук жааматынын, кызматкерлер жана студенттеринин арасында спорттун кышкы түрлөрү  боюнча “Нарын кышы – 2019” иш-чарасынын алкагында “Ден соолук чындоо” күнү өткөрүлдү. Иш-чара КР Өкмөтүнүн  2017-жылдын 22-сентябрындагы №600 токтому менен бекитилген жана КР Өкмөтүнүн 2018-22-жылдар арасындагы “Спорттук Кыргызстан” иш-чарасын жүзөгө ашыруу, ошондой эле окуу …

Читать далее »

Фев 22

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү

21-февралды “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” катары белгилөө жөнүндө чечим бүткүл дүйнөлүк ЮНЕСКО уюму тарабынан кабыл алынган. Аталган уюм бул майрам аркылуу Жер шаарындагы майда улуттардын тилдерин колдоого, алардын көйгөйлөрүнө жалпы адамзаттын көӊүлүн бурууга аракет кылган. Маалыматтарга таянсак, алты миң тилдин эки миңи алсырап, жок болуп кетүү коркунучунда. Ал эми дээрлик унутулуп, бар болгону саналуу …

Читать далее »

Фев 22

Китепканачылар үчүн окуу семинары өткөрүлдү

Нарын университетинин алдындагы Ж.Саалаев атындагы Илимий китепканасында Мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборуна курска келген райондук-шаардык мектептердин китепканачылары үчүн “Заманбап китепканалык иш-чаралар” аттуу окуу семинары өткөрүлдү.     Семинардын жүрүшүндө окурмандардын китепканадан пайдалануу эрежелери, тейлөө бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, актуалдуу темалар жана белгилүү даталарга карата уюштурулган иш-чаралардын түрлөрү, аларды уюштуруу, китеп топтоо жана иштеп чыгуу, электрондук бөлүмдүн ишмердүүлүгү, системалык-алфавиттик каталог …

Читать далее »

Фев 07

Индиянын Кыргызстандагы элчиси Нарын университетинде

2019-жылдын 6-февралында Индия мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри жана элчиликтин кызматкери Вишал Гойнди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыповдун коштоосунда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде кызматтык ишсапар менен болушту. Университеттин окуу иштери боюнча проректору Чолпонбаев Азиз Карыбекович конокторду жылуу кабыл алып, университеттин билим берүү системасы менен тааныштырды жана бүгүнкү …

Читать далее »

Янв 28

KyrMedu долбоорунун алкагында Германияга иш-сапар

KyrMedu долбоорунун алкагында 2019-жылдын 21-25-январь күндөрү Германиянын Цвикау университетинде жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстандын жети жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү: координаторлору жана ректорлору катышышты, НМУнун атынан ректор проф. Д.К.Омуралиева жана долбоордун менеджери Э.М.Байбагышов катышышты. Жолугушуу учурунда катышуучулар Цвикау университетинин информатика жана биомедициналык техника боюнча лабораториялары менен таанышышты, ошондой эле нур-терапиясы жана радиоонкология, оптикалык ченегич техникалары менен …

Читать далее »

Янв 28

Нарын университетинин шахматисттери мелдештен жеӊиштүү кайтышты

2019-жылдын 21-25-январында Бишкек шаарында Кыргыз-Турк «Манас» университетинин ректорлугунун жана Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясынын Кубогу үчүн шахмат боюнча өткөрүлгөн мелдешке Нарын мамлекеттик университетинин өкүлдөрү ийгиликтүү катышып келишти.      Аталган мелдешке Кыргызстандын 14 жогорку окуу жайы катышты. Мелдешке катышууга Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Токтожусуп уулу Самат, Ажыгулов Нурмат, Медетбекова Бермет жана Садыкова Айпери жолдомо алышып, аларды шахмат …

Читать далее »

Дек 24

Кызматташтыктын максаты – билим сапатын жогорулатуу

28-ноябрь, 2018 жылы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Нарын университети менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору» деген аталыштагы кызматташтык форуму өткөрүлдү. Форумга Нарын шаарынын мекеме-ишканаларынын жетекчилери, адистери, саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Чакырылган коноктор студенттер менен жолугушууга катышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти. Студенттер менен жолугушуудан кийин иш берүүчүлөр «Агрардык-техникалык дисциплиналар» жана «Маалыматтык технологиялар» …

Читать далее »

Дек 18

НМУда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Улуу жазуучу, аалам залкары” аттуу адабий кече болуп өттү

2018-жылдын 12-декабрында Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Нарын мамлекеттик университетинин Ж.Саалаев атындагы илимий китепканада “Улуу жазуучу, аалам залкары” аттуу адабий кече болуп өттү. Кечеге Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана филология факультеттеринин  окутуучулары жана студенттери катышты. Кеченин жүрүшүндө Чыӊгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча видеотасма көрсөтүлдү. Ошондой эле “Дүйнөлүк доошу бар талант” китеп көргөзмөсүнө баяндама берилди. Бул …

Читать далее »

Дек 06

Университеттин 5 жылдык отчету талкууланды

2018-жылдын 21-ноябрында Нарын шаарындагы искусство мектебинин конференц-залында Нарын мамлекеттик университетинин ректору Д.К.Омуралиеванын баяндамасында берилген университеттин 5 жылдык ишмердиги коомдук талкууга коюлду. Талкууга НМУнун кызматкерлери, студенттердин ата-энелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Нарын шаардык кеӊешинин депутаттары катышты. Жыйындын меймандары 5 жыл ичинде университет көптөгөн ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, университетке кеӊ келечек каалашты.          Талкуунун жыйынтыгында “Ректордун …

Читать далее »

Предыдущие сообщения «