НМУнун окутуучулары жана студенттери Кумтөр кен казып алуу жайында экскурсияда болушту

2018-жылдын 13-октябрында «Кумтөр Голд Компаниясы» жана Нарын мамлекеттик университетинин «Агрардык-техникалык» факультетинин «Агардык-техникалык дицсиплиналар» кафедрасынын окутуучулары Жапаров Адилет Болотовичтин жана Кубан Акматовдун уюштуруулары менен аталган факультеттин «Экология жана жаратылышты пайдалануу», Агрардык экономикалык колледжинин «Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо» адистигинде окуп жатышкан студенттер менен факультеттин деканы т.и.к., доцент Э.Д.Молдалиев, АТД кафедрасынын окутуучулары А.Б.Жапаров, Г. Капарова, АЭКтин агрардык бөлүмүнүн башчысы, окутуучу К. Акматов «Кумтөр Голд Компаниясынын» кен казып алуучу, кенди иштетүүчү жайларында экскурсияда болушту. Экскурсияда окутуучулар жана студенттер Кумтөрдүн кен казып алынуучу жайынын экологиялык абалы менен кеңири таанышып чыгышты. Экскурсия учурунда Кумтөрдүн экологдору менен суроо-жооп ирээтинде кызыктуу пикир алышуу болду. Экскурсияны өткөрүүгө «Кумтөр Голд Компаниясы» баардык шарттарды түзүп берди. Экскурсиянын башкы максаты- студенттердин теориялык жактан алган билимдерин практикалык жактан бекемдөө жана студенттерди өзүн-өзү өнүктүрүүгө багыт берүү.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *