НМУнин студенттери Ат-Башы ГЭСте экскурсияда болушту

С. Нааматов атындагы НМУнин «Электроэнергетика» багытынын студенттери кафедранын окутуучуларынын коштоосу менен Ат-Башы ГЭСте экскурсияда болушту. Экскурсия 2018-жылдын 15-май күнү Карьера борборунун иш планына ылайык жүргүзүлдү. Экскурсиянын жүрүшүндө ГЭСтин жооптуу кызматкерлери студенттерге ГЭСтин тарыхы, уюштуруу структурасы, бөлүмдөрдөгү кызматкерлердин аткарган функциялары, милдеттери, жоопкерчилиги, электр энергиясын өндүрүүдө керектелген бардык агрегаттардын иштетүү жолдорун, коопсуздук эрежелери менен толук тааныштырып чыгышты. Ошондой эле, студенттер менен тажрыйбалуу адистер ортосунда кызыктуу маектер, суроо-жооптор болду. Мындай экскурсиялар студенттерге теориялык жактан алган билимин практикада көрүп айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берип, аларды окуп жаткан кесибине мындан да көбүрөөк шыктандырат деген ишеничтебиз.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *