Partners from Kyrgyzstan

2015-жылдын 22-январынан 29-январына чейин С. Нааматов атындагы НМУнун ректору, профессор Д.К.Омуралиева жана НМУнун илим, инновация жана тышкы байланыштар боюнча проректору доцент Н.А.Чоробаева Индия мамлекетинде иш сапарда болду. Бубанешвар шаарында Калинга өндүрүштүк институтунда болуп, окуу жайдын бардык шарттары, кампустар жана колледждер менен кенен таанышып чыгышты. Окуу жайда жалпысынан 48 000 студент билим алышат. Иш сапардын алкагында С. Нааматов атындагы НМУ менен Индия мамлекетинин Калинга техникалык институтунун ортосунда келишимдерге кол коюлду. Келишимдин негизинде окутуучулардын жана студенттердин мобилдүүлүгүн камсыздоо максатында кыска мөөнөттө англис тилин I же II семестрге акысыз окуп, билим ала тургандыктары белгиленген.

индия 2 индияда