Аккредитациядан ийгиликтүү өттүк

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети анын ичинен Агрардык техникалык факультети Кыргызстанда биринчилерден болуп аккредитациянын үч этабынан ийгиликтүү өттү. 2017-жылдын январь айынан баштап Агрардык техникалык факультетинин «Маалыматтык технологиялар» кафедрасы жана «Агрардык- техникалык дисциплиналар» кафедрасы 2 программада:
- 750 500 курулуш (калыбына келүүчү энергия булактары жана курулуштагы энерго натыйжалуулук профили) магистрдик;
- 710 300 колдонмо информатика (экономикадагы колдонмо информатика профили) бакалавр багыттары боюнча өзүн-өзү баалоо этабын аткарып, отчетторду Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигине тапшырган.
2017-жылдын 29−30-майында Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссия Агрардык техникалык факультетинин «Маалыматтык технологиялар» жана «Агрардык- техникалык дисциплиналар» кафедраларында көз карандысыз аккредитация өткөрдү.
Агенттик өкмөттүн 2016-жылдын 4-октябрындагы токтому менен бекитилген аккредитациянын талаптарынын (7 стандарт боюнча) аткарылышы боюнча тышкы баалоонун жыйынтыгында «Маалыматтык технологиялар» жана «Агрардык- техникалык дисциплиналар» кафедраларында аталган 2 программасын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоону сунуштады.
2017-жылдын 5-июнунда Улуттук аккредитациялык кеңеш НМУнун Агрардык техникалык факультетиндеги «Маалыматтык технологиялар» каферасынын жана «Агрардык- техникалык дисциплиналар» кафедрасынын 2 программасын: 750 500 курулуш (калыбына келүүчү энергия булактары жана курулуштагы энерго натыйжалуулук профили) магистрдик жана 710 300 колдонмо информатика (экономикадагы колдонмо информатика профили) бакалавр багыттарын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо боюнча чечим кабыл алынды.