«Кытай тили жана адабияты»

Филология факультетинин «Тилдер» какафедрасындагы «Кытай тили жана адабияты» адистиги боюнча 10-март 2015 жылы КЭРнын Үрүмчү шаарындагы Синь-Цянь педагогикалык окуу жайынан кытай тили волонтеру Хоу Лэй НМУнин Конфуций классына кытай тили боюнча волонтер катары ишмердүүлүгүн баштады. Ушул эле күнү Ж. Баласагын атындагы КУУнин Конфуций институтунун кытай тараптан дайындалган директор Ма Ли мырза С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине жана Нарын шаарындагы № 1 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясына иш-сапары менен келип кетти.

Ма Ли мырза «Тилдер» кафедрасынын кытай тили адистиги боюнча керектүү болгон жалпы саны 246 түзгөн китептерди белекке берди. Ал эми № 1 В.П.Чкалов мектеп-лицейинде 2014−2015 окуу жылында окучуулар үчүн кружоктун негизинде «Кытай тили» боюнча кошумча кружок ачылып, С. Нааматов атындагы НМУнин окуучулар үчүн бөлүмүнөн класс «С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин кытай тили боюнча Конфуций классынын окутуу борбору» деп аталгандыктан, университет тарабынан класска вывеска — такта жасалып берилди, ошондой эле КУУнин Конфуций институту тарабынан кружоктор тил үйрөнүп жаткан окуучулары билимин өркүндөтүүгө керектүү болгон окуу китептерин СД-дисктери менен, компьютер, проектор, досканы белек катары тартуулады. Иш-чарага С. Нааматов атындагы НМУнин ректору, профессор Д.К.Омуралиева, Ж. Баласагын атындагы Конфуций институтунун директору (Кытай тараптан) Ма Ли Мырза, «Тилдер"кафедрасынын башчысы п.и.к., Ж.Б.Эгимбаева жана волонтерлор, кытай тили боюнча окутуучулар жана тил үйрөнүп жаткан окуучулар катышышты. Иш-чара № 1 В.П.Чкалов мектебинин UNESCОго мүчө болгон өлкөлөргө «Кытай тилин» аймакта жайылтуу үчүн болуп жаткан окуучулардын презентациясы жыйынтыктады.

№ 1 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы, «С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин кытай тили боюнча Конфуций классынын окутуу борбору»