«Акыл таймаш» интеллектуалдар оюну

«Акыл таймаш» интеллектуалдар оюнуна жалпы жонунан төрт факультет жана эки колледжден студенттер катышышты. Оюндун жүрүшү төмөнкү үч баскычтан турду. «Акыл таймаш» интеллектуалдар оюнуну АТФтин 2-этажы 24-ауд. 12:00дө башталды. Оюндун негизги максаты болуп студенттерди С. Нааматов атындагы НМУнун тарыхы менен кенен тааныштыруу жана ой жүгүртүүсүн жакшыртуу болду. Жалпы оюндун жүрүшүн Агрардык техникалык факультети даярдап өткөрдү.
1-баскыч тандап алуу туру, бул баскычта С. Нааматов атындагы НМУ нун тарыхы жөнүндө жана логикалык суроолор берилип 6 командадан 5 команда кийинки баскычка жолдомо алды.
2- баскыч категориялар боюнча болуп, 7 категориядан турган суроолор берилип упай жагынан аз топтолгон 3 команда 2-баскычтын жыйынтыгы менен оюндан четтетилип кийинки финалдык турга Экономика бизнес жана башкаруу факультети менен Агрардык-техникалык факультети жолдомо алышты.
3-баскыч финалдык беттеште Экономика бизнес жана башкаруу факультети менен Агрардык-техникалык факультетине жалпы 5 логикалык суроо берилип жыйынтыгында Агрардык-техникалык факультети жеңүүчү болуп табылды.
Оюн жалпысынан кызыктуу өттү. Соңунда жеңүүчүлөрдү 1-орун үчүн биринчи даражадагы Диплом жана кубок ал эми катышуучулга кызыктуу, баалуу белектер менен сыйланышты. 2-орун үчүн 2-даражадагы Диплом жана ар бир катышуучу баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

IMG_4842 IMG_4890 IMG_4848 IMG_4862 IMG_4923 IMG_4915

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *