Абитуриент

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетин тандоо менен, Сиз келечекке ишенимдүү кадамдарды жасайсыз!!!

Сиздин эң бир татаал жана маанилүү кадам — кесип тандоо процесси турат.

Кесип тандоодо үч факторду эске алыңыз:

а) келечектеги кесибиңиз Сиздин жөндөмүңүзгө, шыгыңызга жана ички каалооңузга төп келиши абзел;

б) университетти аяктагандан кийин кесибиңиз боюнча жумуш орун менен камсыз болуунун реалдуу мүмкүнчүлүгу болушу керек;

в) кесипке ээ болуу процесси экономикалык жактан үнөмдүү болушу керек.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети Нарын регионундагы бирден-бир билим уясы болуп эсептелет. Нарын мамлекеттик университетин тандоо менен Силер келечектеги эң керектүү болгон кесиптин ээси болуп чыгасыңар деп ишенебиз. Бул колдонмо Силер университет менен өз алдынча таанышып, алдыңарда ачылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу толук маалымат алуу үчүн иштелип чыкты.

Студенттер, абитуриенттер жана ата энелерге колдонмо

Бюджеттик орундар

Бул үчүн, тапшырууну каалаган жалпы орто билими жөнүндө аттестаты бар орто мектептин бүтүрүүчүлөрү, кесиптик орто же кесиптик жогорку билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар абитуриенттер (колледждер менен ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү) жана чет өлкөлүк жарандар, төмөнкү документтерди көрсөтүүгө тийиш:
— Жалпы орто жана атайын орто билимдери боюнча мамлекеттик үлгүдөгү документтери (аттестат же диплом);
— оригинал ЖРТнын сертификаты;
— 3×4 өлчөмүндөгү сүрөт — 6 шт;
— паспорттун көчүрмөсү;
— жалпы окуу акысынын 25% өлчөмүндө алгачкы төлөм.
Жалпы орто билими тууралуу аттестаты бар абитуриенттер (мектептердин бүтүрүүчүлөрү) үчүн документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 17-июлунда башталат.
Негизги орто билими тууралуу аттестаты бар абитуриенттер (9-класстардын бүтүрүүчүлөрү) үчүн документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 17-июлунда башталат.

Биздин дарек:

Нарын шаары, С. Орозбаков көчөсү 25. Сурап билүү учүн телефондор: Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы: Бабаева Назира +996 707 797 976

Абитуриенттерди кабыл алуу бөлүмү: Женишбек к Жылдыз +996 706 534 069

Нарын мамлекеттик университетинин эшиги сиздер үчүн дайыма ачык !!!

Энергетика-Кыргызстандын жаркын келечеги!

Агрардык техникалык факультети

факультет 1997-жылы 29-сентябрда Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54 буйругу менен түзүлгөн.

Педагогика факультети

1997-жылы 30-августта Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54-буйругунун негизинде түзүлгөн.

Экономика, менеджмент жана дене тарбия факультети

билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, менеджмент жаатындагы адистерди даярдоого багытталган.

Филология факультети

билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү филология, журналистика жаатындагы адистерди даярдоого багытталган.

Сырттан окутуу департаменти

Аралыктан окутуу бөлүмү НМУнун ректорунун 3-май, 2013-жылдагы № 01−12/65 буйругу менен түзүлгөн.

Нарын педагогикалык колледжи

1997-жылы 30-августта Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54-буйругунун негизинде түзүлгөн.
Толук маалымат npu.nsu.kg сайтында

Агрардык-экономикалык колледжи

2008-жылдын март айында Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, Нарын Агрардык-экономикалык колледжи деген аталышка ээ болгон.
Толук маалымат naek.nsu.kg сайтында

Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо

Чет тилдери адистиги жана Компьютердик системаларды программалоо адистигин даярдайт.

дайыма берилүүчү суроолор

Суроолор боюнча Нарын шаары С. Орозбаков көчөсү, 25.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин башкы окуу корпусу

Тел.: (3 522) 50 814, +996 709 797 976; +996 700 848 822

Биздин дарек Нарын ш., С. Орозбаков көчөсү, 25. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин башкы окуу корпусу Тел.: (3 522) 50 814, +996 709 797 976; +996 700 848 822