«Эл Баатырларын унутпайт» атындагы китеп көргөзмө

Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин бийлигине нааразы болгон эл көтөрүлүп чыгып, аны тактадан кулаткан. Бул күнү 87 азамат каза болуп, жүздөгөн киши түрдүү жаракаттарды алган. Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын окуу залында, өлкөбүздүн тарыхындагы эң маанилүү бул окуяларга арналган, «Эл Баатырларын унутпайт» деген темада китеп көргөзмө уюштурулган. Бул китеп көргөзмөдө орус, кыргыз тилиндеги адабияттар, мезгилдүү басылмалар, тематикалык папкалар коюлган. Илимий китепканага келип, толук, анык, так маалыматтар менен таанышсаңыздар болот.

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский