Сулайманов Бакытбек Базарбаевич

сулайманов1975-жылы 8-декабрда Нарын шаарында, кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 1982-жылдан 1993-жылга чейин Нарын шаарындагы № 2 В.П.Чкалов атындагы мектептен билим алгам. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергетика факультетинин «электромеханика» адистигине окуп, 1998- жылы ийгиликтүү аяктагам. Үй-бүлөөлүмүн эки кыздын атасымын.

Эмгек жолум; Окууну бүткөн жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин агрардык-техникалык факультетинин «агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасында окутуучу болуп иш жолумду баштадым. 1999-жылдан 2001 -жылга чейин Баткен коогалаңында, № 93 546 аскер бөлүгүндө, взводтун командири кызматында аскердик милдетимди аткаргам.

Кайрадан 2001-жылдын февраль айында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде окутуучулук кызматымды уланткам. Окутуучулук кызматымда, ар кандай жылдары, факультеттин деканынын тарбия иштери боюнча, окуу иштери боюнча орун басаары, кафедра башчысынын милдетин аткаруучусу болуп эмгектенип келдим.

Акыркы 2014−2015 окуу жылында агрардык-техникалык факультетинин окуу иштери боюнча орун басаары болуп иштеп жатып 28- октябрь күнү, коллективтин шайлоосу менен профсоюз комитеттинин төрагасы кызматына дайындалдым. Ошол эле учурда «агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын ага окутуучусу кызматын аркалап келем.

Илимий иштеринин багыты: Кыргызстандын шартында электр өткөргүч абаа чубалгыларынын эффективдүүлүгүн жана экономдуулугун жогорулатуу

Илимий иштеринин тизмеси:

  1. Структурный анализ электрических сетей Кыргызстана. Вестник Алматинского института энергетики и связи. 2004 год.

НМУ тарабынан берилген сыйлыктар:

2013-жылы Энергетиктердин кесиптик күнүнө күнүнө карата Эң мыкты энергетик грамотасы

2013-жылы Мугалимдердин кесиптик күнүнө карата С. Нааматов атындагы НМУ нун Ардак грамотасы

Cертификат:

  1. «Основы местного самоуправления» 2011
  2. For Successful Completion of the Grant Proposal Writing Seminar 2009

Өткөн сабактары жана даярдалган ОМКлар:

  • Метрология, стандартизация жана сертификация
  • Релелик коргоо
  • Электр орнотмолорунун түзүлүшүнүн жана долбоорлоонун негиздери
  • Электромеханика
  • Электр энергиясын бөлүштүрүү жана өткөрүп берүү

Курстук долбоорлого жетекчилик:

  • Электромеханика
  • Электр энергиясын бөлүштүрүү жана өткөрүп берүү
  • Релелик коргоо
Диплом, Ардак грамоталар, Сертификаттары
English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский