Студенттер менен бирге окуйбуз

С. Нааматов атындагы НМУнун илимий китепканасында «Саманчынын жолу «повестин студенттерге тааныштыруу максатында суроо- жооп иретинде оюн өткөрүлдү. Иш-чара улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата жүргүзүлүп жаткан угуза окуу иш-чарасынын алкагында № 1 абонементинин кызматкери Айнакулова Фарида уюштурулду. Студенттер командаларга бөлүнүп аталган чыгарма боюнча түзүлгөн суроолорго жооп берип жатышты. Жыйынтыгында, чыгарма жөнүндө толук маалымат берилип, анда чагылдырылган согуш убагында элдин басып өткөн кыйынчылыктары жана акыры жеткен жеңиштин баасы кандай экендигине баа берилди. Активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык билдирилди.

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский