«Кылым карытар бир күн» повести боюнча угуза окуу

С. Нааматов атындагы Илимий китепкананын № 2 окуу залында, өткөн Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кылым карытаар бир күн» повести боюнча угуза окуу өтүлдү. Угуза окууну окуу залдын китепканачысы Бектурова Роза окуду. «Кылым карытаар бир күн» китебинин толук мазмунун кыскача баянын Филология факультетинин ага мугалими А.С. Жантаев баяндап кенен маалымат берди. Окурмандар окулган повесть боюнча талкуу жүргүзүшүп, өз ой- пикирлерин билдиришти.

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский