«Китеп- жан дүйнөнүн азыгы»

23-апрель-Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү жеке эле китепканалар эмес дүйнө жүзүндөгү бардык китепкөй адамдардын, китеп окурмандардын, китеп сүйүүчүлөрдүн майрамы. Китепсиз адам баласынын жашоосун, өсүп өнүгүүсүн элестетүү мүмкүн эмес. Назани эн таасын айткан экен: «жаштарын китеп менен бакпаган элдин келечеги азаптан арылбайт» -деп. Жаштарды китепти сүйүүгө тарбиялоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Үй-бүлөдө ата-энеден баштап, бала бакчадагы тарбиячылар, мектептеги мугалимдер жана жогорку окуу жайдын окутуучуулары.

Жогорку окуу жай демекчи, Нарын облусу боюнча жаштардын очогу болгон Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары, кызматкерлери да бул багытта көп аракеттерди жасап келет. Айтсак, ушул майрамды белгилөөдө 23-апрелде НМУнун Жедигер Саалаев атындагы илимий китепканасында майрамдык кече уюштурулду. Кеченин эн негизги максаты — жаштардын китепке болгон кызыгуусун ойготуу жана китеп окууну алга жылдыруу. Бул кечеге ар бир факультеттин, колледждердин студенттери жана окутуучулары катышты. Кече абдан кызыктуу өттү. Кеченин алкагында НМУнун илим боюнча проректору Н. Чоробаева, илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева, ар бир факультеттин декандары, окутуучулары китептин баалуулугун баса белгилеп ар кыл темадагы ырларды көркөм окуп беришти. Видео куттуктоолор да орун алды. Өзүнүн калемине таандык ырларын Нарын агрардык технико-экономикалык колледждин окутуучусу Р. Саркелдеева педагогика факультетинин студенти Жетиген кызы Калемкаш окуп берди. Студенттер арасында викторина уюштурулуп бардыгы кызыгуу менен катышты. Китепкана тарабынан «Китеп-түгөнбөгөн казына «жана Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Дүйнөлүк доошу бар талант» деген темадагы китеп көргөзмөлөр уюштурулуп баяндамалар берилди. Китеп күнү майрамдалып калганы тууралуу, китептерге коюлган эстеликтер боюнча слайддар, китеп тууралуу кызыктуу маалыматтар да студенттердин кызыгуусун арттырды. Жыйынтыгында жаштар китепкөйлүк көп оорулардын алдын алууга жардам берерине, мээнин активдүүлүгү өсүп, ооруларга туруштук бере аларына, китепкөй адамдар башкаларга салыштырмалуу өзүнө ишенимдүү, шар болоруна, дүйнө таанымды өзгөртүп, креативдүү ойлордун жаралышына түрткү берерине, сөз байлыгын байытып, эс тутумду жакшыртаарына ынанышты. Акын Алтынбек Исмаиловдун

Коркпойм уулуу жылан менен чаяндан.

Коркпойм ажаан, акылы жок аялдан.

Көр оокатка, көп оокатка көмүлүп.

Көркөм китеп окубаган адамдан!

деген ыр саптары менен жаштарды китеп окууга үндөп, кече өз соңуна чыкты.

Сүрөттөр

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский