Ак калпак күнү белгиленди

Нарын мамлекеттик университетинин филиология факультетинин кыргыз тили жана адабияты факультетинде 2018-жылдын 5-март күнү Ак калпак күнүнө жана 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата К-17 группасы тарабынан уюштурулган иш-чара өткөрүлдү. Иш чара эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгү 5-март Ак калпак күнүнө арналып, кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон ак калпак тууралуу докладдар окулду. Докладда ак калпактын келип чыгыш тарыхы жана кантип жасалаары боюнча кеңири маалымат берилди, жана ошондой эле ак калпак кыргыз элинин улуттук баалуулугу жана сыймыгы экендиги баса белгиленди.

Ал эми экинчи бөлүгүндө 8-март аялдардын эл аралык күнүнө арналды. Эне жөнүндө обондуу ырлар аткарылды. Эненин мээримдүүлүгүн, боорукердигин, сулуулугун даназалаган ыр саптары окулду. Студенттер тарабынан жашоо турмуштан алынган ар кандай көңүл ачуучу сценкалар, оюндар коюлду. Иш-чара өз максатына жетти.

Сүрөттөр

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский