НМУнун филология факультетинде Нооруз майрамы белгиленди

2019-жылдын 19-мартында НМУнун филология факультетинин студенттери тарабынан Нооруз майрамы кызуу белгиленди. Майрамга карат студенттер арасында кыз-жигит Сармердени өткөрүлдү. Эрке бала менен жененин образындагы Дөөлөт менен Назира өз ролун жогорку денгээлде ачып бере алышты. Були ш-чарага университеттин тарбия иштери боюнча проректору Өмүрканов Турат Асанбекович, деканаттардын өкүлдөрү, окутуучулар катышышты. Сармердендин жүрүшүндө Манас айтуу, макал-лакап, жанылмач, обондуу ырлар, бийлер аткарылды. Өткөрүлгөн Сармерден майрамына студенттер менен бирге көрүп отурган окутуучулар да кошулуп ырдап, жалпы маанай жогорку денгээлде болду.

Сүрөттөр

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский