Мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына карата

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында жана 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 25 жылдыгына карата С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн айлык иш-чаранын жүрүшүнөн маалымат

23.09.2014. Мамлекеттик тил айлыгынын бет ачары 401-аудиторияда саат 11.00дө башталды. Жумалыкка конок катары НМУнун ректору Дамира Кемеловна катышып, куттуктоо сөзүн айтты жана НМУнун жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча проректору Т.Өмүрканов, филология факультетинин деканы, доцент Сатылган кызы Г., Роман-герман тилдер кафедрасынын башчысы Н. Салмакеева, тилдер кафедрасынын башчысы Ж.Б.Эгимбаева, ошондой эле «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын мүчөлөрү жана студенттер катышышты. НМУнун ректору Дамира Кемеловна сөз сүйлөп, кыргыз тилинин тарыхыйлуулугуна басым жасады жана тилдин айланасындагы бүгүнкү күндөгү көйгөйлөргө токтолду.

«Программада: кыргыз тили жана адабиятында окуган студенттер «Манастан» үзүндүлөрдү айтышып, кыргыз бийи, студенттердин көркөм окуулары, обондуу ырлар жана мындан сырткары көптөгөн концерттик номерлер, жаңылмачтар, макал-лакаптар ж.б. иш-чаралар болду. НМУнун жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча проректору, Т.Өмүрканов айлыктын жакшы башталгандыгына токтолуп, мындан ары да студенттер арасындагы таланттуу жаштардын ар кандай ийримдери бат-бат өткөрүлүп турса жакшы көрсөткүчтөргө жетише тургандыгын белгиледи. Мындан аркы иштерге ийгиликтер, каалоолор айтылды. Иш-чаранын акырында «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын башчысы Н.А.Бийгелдиева студенттер арсында жарыяланган сынактар туурасында толук баяндама жасады жана катышуучуларга алдын ала-ырааазычылыгын билдирип, ийгилик каалады.

23.09.2014. Айлыктын бул күнү 401-аудиторияда саат 11−00дө Н. Бийгелдиева жана А. Мукашова тарабынан өткөрүлгөн «Эне тилим — менин дилим» аттуу майрамдык салтанат болуп өттү.Майрамдык салтанатта тил күнүнө арналган студенттердин ырлары окулуп, көркөм окуулар жана ошондой эле тил жөнүндө макалалалар жарыяланды.

30.09.2014. Бул иш-чара гүл бакчада саат 12:00дө башталып, НМУнун тарбия мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Өмүрканов Т.А., кадрлар бөлүмүнүн башчысы М. Акматалиева ж.б. коноктор катышышты. Кыргыз элинин салт-санаасы, үрп-адаты тил менен биргеликте өнүгөрүн студенттер өздөрүнүн көрсөткөн сценкаларында, ыр-бийлеринде далилдешти. Иш-чараны кафедранын окутуучулар Үсөналиева Г., Аман кызы Б, Дүйшеевалар даярдашты.

til1майрам

06.10.2014 «Улут болсом тилим менен улутмун» аттуу майрамдык иш-чара ФМО-14 группасы тарабынан НМУнун экинчи корпусунун конференция залында башталды жана иш-чарага кафедра башчысы Н.А.Бийгелдиева, педагогика факультетинин деканы Бектурова ж.б. катышышты. Салтанат концерттик номер менен коштолуп, студенттер тарабынан даярдалган ыр бийлер аткарылды. Бул иш-чараны жетектеген Саргашкаев Жекшен Абдраевич болду.

32913299

23.10.2014. Бул күнү «Тил тагдыры эл тагдыры «аттуу майрамдык салтанат агрардык техникалык факультеттин тарбия иштери боюнча орун басары Тазабек уулу Айбек тарабынан өткөрүлүп, НМУнун тарбия мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Өмүрканов Т.А. жана кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары катышышты. Бул майрамдык салтанатта студенттер өздөрү даярдап келген чакан концертик номерлерин коюшуп, дил баяндарын окушуп дагы ар кандай өнөрлөрүн көрсөтүштү.

23.10.2014. Жарыяланган конкурстун тапшырмалары алдын ала бардык факультеттин студенттерине берилгендиктен, алар өздөрү аткарган дилбаяндарды, сүрөттөрдү, слайддарды, автордук ырларды кафедрага тапшырышкан.

Мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына арналган айлык иш-чарада студенттер арасында жарыяланган сынактардын төрт бөлүгү боюнча кыргыз тили жана адабияты кафедрасынан түзүлгөн калыстар тобу жыйынтыктарды чыгарышты.

06.11.2014 . Айлык иш-чаранын жабылышы

Бул күнкү иш-чара саат 12−00дө Түрк тили борбору болгон 401-аудиторияда башталды. Иш-чарага факультеттин бардык кафедраларынын мүчөлөрү катышты. Ошондой эле башка адистикте окуган студенттердин басымдуу бөлүгү тартылгандыгы өзгөчөлөнттү, ошондой эле областтык теле берүүдөн кабарчылар жана Аки пресстин кабарчылары келишти. Айлыктын жабылышында НМУнун ректору Д. Кемеловна, педагогика факультетинин башчысы Бектурова, Кыргыз тил кафедрасынын башчысы Н.А.Бийгелдиева жана ар бир факультеттин зам. декандары Тазабек уулу Айбек, Молдогазиева Гулбарчын, Мамбеталиева Айзада, Ибраимакунов Мухтар сөз сүйлөштү. Бул күнү Мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына арналган бир айлык иш-чараны өткөрүүдө активдүү катышышкан кафедранын айрым окутуучуларына жана факультеттердин тарбия иштери боюнча орун басарларына НМУнун ректору Дамира Кемеловна ыраазычылык кат тапшырды. Ошондой эле активдүү катышкан студенттерге белектер жана грамоталар ыйгарылды.

«Эне тилди өнүктүрүүгө кошкон салымым» деген тематикадагы дилбаян сынагында төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:

1-орун А-2 -14 группасынын студенти Курманбек кызы Табихат, 2-орун Х0−1-14 группасынын студенти Чолпонбеков Эрлан, 3-орун ЕНО-14 группасынын студенти Эрнисбек кызы Айгул

«Кыргыз жери — ырдын мекени» деген тематикадагы «Автордук ыр» сынагында төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:

1-орун Арсунбек уулу Түгөл, 2-орун ФМО-14 группасынын студенти Айдай Сатынбекова, 3-орун Иманбеков Акыл

«Көркөм сүрөт өнөрү» сынагынын женүүчүлөрү:

1-орун К-14 группасы жана А1,2-14 группасы, 2-орун Кит-14 группасы, 3-орун Нем-14 группасы.

«Көркөм окуу» сынагынын женүүчүлөрү:

1-орун Кит-13 группасынын студенти Аскербекова Мээрим, 2-орун Нем-14 группасынын студенти Найзабек кызы Айдана, 3-орун К-14 группасынын студенти Сталбекова Сайкал, 4-орун ЕНО-1 группасы

Мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына карата болгон бир айлыкты уюштуруп, өткөрүүдө кошкон салымы үчүн С. Нааматов атындагы НМУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын башчысы Бийгелдиева Нуржан Абдыгуловна, Сатылган кызы Гүлнурага, Жантаев Адилбек Сүйүндүковичке, Өмүрканов Туратбекке, Дүйшеева Токтоканга, Аман кызы Бактыгүлгө, Аскар уулу Таалайга, Исакова Жаңыл Курманбековнага, Саргашкаев Жекшен Абдраевичке, Мукашова Асел Султановнага, Үсөналиева Гүлмира Садыковнага жана ошондой эле, Агрардык-техникалык факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Тазабек уулу Айбекке, Педагогика факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Молдогазиева Гүлбарчынга, Филология факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Мамбеталиева Айзада Муканбетовнага, Агрардык-эканомикалык коледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ибраимакунов Мухтарга ЫРААЗЫЧЫЛЫК каттар тапшырылды.

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский