21-февраль Эл аралык эне тил күнү

2018-жылдын 21-февралында НМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы эл аралык эне тил күнүнө карата иш чара өткөрдү. Аталган иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору А. К. Чолпонбаев, жаштар жана тарбия иштери боюнча проректору Т. А.Өмурканов, факультеттин деканы Г. Сатылган кызы, окутуучулар жана студенттер катышышты. Иш-чарада катышуучулар өлкөнүн өсүшү, мындан ары бекем сакталып калышы үчүн кыргыз тилинин зор мааниси бар экендигин белгилеп, ар бирибиздин бул кадамга өз салымыбызды кошуубуз зарыл экендигин баса белгилешти. Иш-чара кыргыз тилин өнүктүрүү, коомдо анын кадыр-баркын жогорулатуу максатын көздөп, студенттер тарбынан уюштурулган мамлекеттик тилди пропагандалоо ырларын ырдоо, декламацияларды айтуу жана айрым көрүнүштөрдү чагылдыруу менен коштолду.

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский