Агрардык-экономикалык колледжи

rysbek Колледждин директору Жаныбек уулу Рысбек

Нарын агрардык-экономикалык колледжи (мурунку аталышы — Нарын айыл-чарба техникуму) 1975-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин 3-октябрь № 504 Токтомунун негизинде түзүлгөн. 1996-жылдын 22-майынан тартып техникум, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы структуралык бөлүмү катарында иш жүргүзүп келет. 2008-жылдын март айында Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, Нарын Агрардык-экономикалык колледжи деген аталышка ээ болгон.

Нарын Агрардык — экономикалык колледжинде адистерди даярдоо үчүн тийиштүү деңгээлде шарттар түзүлгөн. Колледж С. Нааматов атындагы НМУнун Ак — Коргон чөлкөмүндөгү № 4 окуу корпусунда жайгашкан. Учурдун талабына жооп берүүчү аудиториялар, компьютердик класс, кабинеттер, көргөзмө куралдар, лабораториялар, практикалык иштер үчүн атайын имараттар менен камсыз болгон. Ал эми дене тарбия сабагын өтүш үчүн Нарын шаардык ден соолукту чыңдоо борборуна барышат.

Алыстан келген студенттер жашоо шартка ылайыкташтырылган жатакана менен камсыз болушат.

Колледж 9 — 11 класстын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алат.

Биринчи курста, 9 — классты бүтүп колледжке өткөндөр, орто мектептин 10 — 11 класстарынын материалдарын жыйынтыктап, экинчи курстан тартып адистиктер боюнча сабактарды өздөштүрө башташат.

Азыркы учурда колледж «ВЕТЕРИНАРИЯ», «ЭКОЛОГИЯ», «АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫН ӨНДҮРҮҮНҮН ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ», «ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО» адистиктери боюнча БЮДЖЕТТИК орундарга кабыл алат. Жакшы окушкан студенттер ай сайын стипендия менен камсыз болушат.

«ФИНАНСЫ», «САЛЫКТАР ЖАНА САЛЫК САЛУУ», «ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ, ТАРМАКТАР ЖАНА СИСТЕМАЛАР», «ТЕХНИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЧҮ КАРАЖАТТАРДЫ ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТАРМАКТАРДЫ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ» жана «ТРАНСПОРТТО ТАШУУЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ» адистиктри контракттык негизде окутулат.

Колледждин студенттери коомдук массалык маданий иш-чараларда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшөт жана көптөгөн конкурстарга, кароо сынактарда, спорттук мелдештерге активдүү катышышып алдынкы байгелүү орундарга ээ болушат.

Колледждин окутуу иштеринде жеке эле колледждин гана эмес университеттин да тажрыйбалуу педагогдору иштѳѳ менен, студенттерге инновациялык ыкмаларды колдонуу аркылуу жогорку методикалык денгээлде окуу процесстерин иш жүзүнө ашырышат.

Экономика циклинде бардыгы 22 мугалим эмгектенет. Алардын 8 университеттен келип сабак беришет. Мугалимдердин билим денгээлин өнүктүрүү максатында квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын курстардан өтүп турушат.

2009-жылдан тартып экономика багыты боюнча 550 студентер билим алып чыгышкан. Алардын 35 студенти «эн жакшы» деген баа менен аякташкан.

Смета расходов по бюджетным средствам

Даярдоо багыттары, Окуу мөөнөтү

«ВЕТЕРИНАРИЯ» — адистигин тандагандар «Ветеринардык фельдшер» — деген кесипке ээ болушат. Бул кесип боюнча билим алган студенттер үй жана жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын, аарынын, баалуу терилерди берүүчү жырткыч — кемирүүчүлөрдүн жугуштуу жана жугушсуз ооруларына каршы жүргүзүлүүнү жана дарылоону, алардын алдын — алуу иш — чараларын: өз убагында туура диагноз коюп дарылоо, эмдөө, дезинфекция жасоо жумуштарын биздин окуу жайдын жогорку квалификациялуу окутуучуларынан тереңдеп окуп үйрөнөт.

«ЭКОЛОГИЯ» — «Экология жана айлана — чөйрөнү коргоо» бөлүмүн бүтүрүшкөн бүтүрүүчүлөр экологиялык-техникалык инспекцияларында, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүндө, токой чарбаларында, мамлекеттик коруктарда, питомниктерде, улуттук жаратылыш парктарында эмгектенишет.

Бул адистиктин студенттери үчүн чет элдик окуу жайлары менен түзүлгөн келишимдин негизиндеги ар кандай долбоорлордун алкагында чет өлкөлөрдөн стажировкалардан өтүүгө жана билимин жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн

«АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫН ӨНДҮРҮҮНҮН ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ«- Айыл чарбасы өлкөнүн экономикасындагы эң маанилүү тармактардын бири. Дал ушул тармакты өнүктүү аркылуу экономиканы жогорулатууга жана эл аралык рынокко чыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларына суроо талаптар күн сайын өсүүдө. Ал эми бул адистикти тандагандар келечекте замандын талабына ылайык суроо талаптары жогору кесипке ээ боло алышат.

«ФИНАНСЫ" — Финансы экономиканын башкы таянычы жана кыймылдаткыч күчү. Ал экономиканы көзөмөлдөөдөгү, калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү эң негизги каражат. Бул адистиктин ээлерине дайыма суроо талаптар болуп келет.

«Финансы» адистигине ээ болгон бүтүрүүчүлөр республикалык, облустук, шаардык жана райондук финансы мекемелеринде, пенсия, пособие сыяктуу социалдык жөлөк пулдарды чектеген мамлекеттик мекемелерде коммерциялык банктарда жана микрокредиттик компанияларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

«САЛЫКТАР ЖАНА САЛЫК САЛУУ" — Салык төлөө - мамлекеттин каражатын толуктоочу жана кирешени жөнгө салуучу булагы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнүн 80%ге жакыны салык салуу системасы аркылуу толукталып турат. Бул кесипте билим алуучу студенттер жалпы экономикалык билимге ээ болуу менен салыктын түрлөрү, жеке жана юридикалык тараптарга карата салык салуунун өзгөчөлүктөрү боюнча теререң билим ала алышат.

«ТРАНСПОРТТО ТАШУУЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ» — Азыркы мезгилде биздин күнүмдүк жашообузду автоунааларсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Күн сайын өлкөнүн аймагындагы эл аралык жана ички жолдор аркылуу унаа түрлөрү менен ар кандай маанидеги жүктөрдү, адамдарды ташуу жүргүзүлүп турат. Ага ылайык азыркы учур унаада жүк ташууну уюштуруу жана башкарууну жүргүзүүчү адистерди талап кылат. Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү транспорт кыймылына байланыштуу ар тармактарда жана мекемелерде иштей алышат.

«ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО» Азыркы заманда электр энергиясын пайдалануусуз күнүмдүк жашоо турмушубузду элестетүү мүмкүн эмес. Ошол эле учурда чоң-чоң имараттардан чакан курулуштарга чейин аларды энергетика менен камсыздоону сапаттуу түрдө жүргүзө турган адисттерге суроо талаптар барган сайын жогорулоодо.

«ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ, ТАРМАКТАР ЖАНА СИСТЕМАЛАР» Электр энергиясын өндүрүү канчалык маанилүү болсо, аны жеткирүү жана тармактарга рационалдуу бөлүштүрүү да дайыма актуалдуу болуп келүүдө. Азыркы учурда Кыргызстанда энергетика багытынын эң маанилүү тармагы дал ушул адистикке тыгыз байланыштуу. Бул адистикти тандагандар үчүн тармак боюнча кеңири билим алууга жана өлкөнүн эмгек рыногунда өз ордун табууга да мүмкүнчүлүктөр жогору.

«ЭСЕПТӨӨ ТЕХНИКАЛАРЫНЫН ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТАРМАКТАРДЫН КАРАЖАТТАРЫН ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ»

Жыйырманчы кылым электрлештирүүнүн заманы болсо, жыйырма биринчи кылым компьютерлештирүүнүн заманы болуп калды. Азыркы мезгилде компьютер, уюлдук телефон жана техниканын өнүгүүсү менен компьютерсиз иштөө мүмкүн эмес. Бул адистиктин ээлери компьютердик борборлордо, банктарда, ар түрдүү мекеме — ишканаларда иштей алат.

Колледжге тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • жеке арыз (документ тапшырганда толтурулат)
  • медициналык 086-У справкасы
  • 9 класстын күбөлүгү же орто билими тууралу аттестат (түп нускасы)
  • Паспорт (16 жашка толо электерге — метрика)
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт
  • Электрондук почта (e-mail)
  • документтерди кабыл алуу үчүн — 450 сом+30сом комиссия (банк)

4 405 011 103 005 289 РСК банк

Урматтуу абитуриент!!!

Бул адистиктер боюнча Агрардык - экономикалык колледжден билим алып, аталган адистикке ээ болуп, мамлекеттин экономикасын чыңдоого, жашоонун жакшы шартын камсыз кылууга өз салымыңыздарды кошуңуздар!

Биздин дарек:

Нарын ш., Ленин көч., 127

Байланыш телефондору: 5−07−03

Кабыл алуу комиссиясы -703 635 808, 706 193 419

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский