Ардактуу кесиптештер! Кымбаттуу студенттер!

Бардыгыңыздарды көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүшүбүз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

2020-жылдын 21−22-сентябрында университетибиздин 15 (он беш) негизги билим берүү программасы «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитациялык агенттиги тарабынан ар тараптуу бааланды. Албетте, биз бул күндөргө чейин негизги билим берүү программаларыбыз боюнча өзүбүздүн отчетубузду даярдаганбыз, эксперттер мына ошого таянып жана университетке келип, чыныгы абалды көрүп өздөрүнүн калыс жыйынтыктарын чыгарышты. Натыйжада аккредитациядан өтүүгө өтүнмө берген бардык багыттар 5 жылдык мөөнөткө студенттерге билим берүү ишмердүүлүгүнө укук алышты. Бул чоң ийгилик, чоң жеңиш!

Арийне, ийгилик оңой-олтоң келе койгон жок. Ал үчүн бардыгыңыздар өз салымыңыздарды коштуңуздар, нечен мээнет жумшадыңыздар. Мына, университет түптөлгөндөн бери чейрек кылымга чукул убакыт учкан куштай учуп өтүптүр. Биз ушунча убакыттан бери демилгелүү аракеттер менен, университеттин өнүгүүсү үчүн жапа тырмак, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактуу эмгек кылып келгенибизди айкын фактылар менен ишеничтүү далилдей алдык. Баса белгилөөчү жагдай, бул ийгилик университетибиздин бардык түзүмдөрүнүн эмгек жамаатынын үзүрлүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы. Натыйжада уюткулуу университетибиз туруктуу өнүгүү жолунда алга карай ишенимдүү бара жатканын көрсөттүк.

Бардыгыбыз билебиз, ийгиликти жараткан факторлор — бул талыкпас эмгек, чыгармачылык изденүү жана туруктуу өнүгүүгө умтулуу. Андыктан, ардактуу кесиптештер, кымбаттуу студенттер, бардыгыбыз чогуу жаңы жетишкендиктерди багындыруу үчүн умтулалы! Ушул темпибизден жазбай, университетибиздин даражасын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайлы! Биздин биргелешкен ынтымактуу, командалык эмгегибиз — эртеңки чоң-чоң ийгиликтердин өбөлгөсү. «Ырыс алды — ынтымак» деп элибиз бекер айткан эмес. Биздин ынтымактуу, ырыскылуу жамаатыбызды дайыма ийгилик коштоп жүрсүн!

Ар бириңиздерге чың ден соолук, кажыбас күч-кайрат, чымыркана изденүү, талыкпас эмгек, өзгөчө зор жетишкендик, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык, байгерчилик, жакшылык каалайм!

Сиздерди терең урматтоом менен,

Ректор, профессор Т. М. Сияев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

code

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский